КАРЫПБЕКОВ ИЛИМ МАЙРАМБЕКОВИЧ
Мен, Карыпбеков Илим, 1980-жылдын 18-февралында Фрунзе шаарында төрөлгөм. Орто мектепти Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Түгөл-Сай айылында 1996-жылы бүтүргөм. Ошол эле жылы «Дастан» технологиялык университетинин юридикалык факультетине тапшырып, окуумдун төртүнчү курсунда Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетине которулуп, 2001-жылы артыкчылык диплому менен аяктадым.
Эмгек жолумду эл аралык уюмдарда жана долбоорлордо баштагам: БУУнун Өнүктүрүү программасында – БУУнун улуттук ыктыярчысы, «Хелветас» уюмунда – юрист, адвокат, «Сорос-Кыргызстан» фондунда – ассистент жана координатор, «Интерньюс-Кыргызстан» уюмунда – юрист, медиа омбудсмен болуп иштегем.
Мамлекеттик түзүмдөрдө ишимди 2008-жылдан баштагам: Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгында – референт, эксперт, бөлүм башчы, кызматтын жетекчиси болуп эмгектендим.
Кийин ЗАО «Альфа-Телеком» (соода белгиси – МЕГАКОМ) ишканасында – башкы директордун орун басары жана тышкы башкаруучу болуп иштедим. 2013-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун башчысы болуп дайындалгам.
2015–2019-жылдары Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башчысы болуп иштедим.
Эки уул, эки кызды тарбиялап келем.