Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкердин шайлоо алдындагы программасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир этүүчү эки негизги функцияга ээ:
- Туура, элге керектүү жана актуалдуу, натыйжалуу мыйзамдарды кабыл алуу;
- Аткаруучу жана сот бийликтеринин ишмердүүлүгүн коомдун кызыкчылыгында көзөмөлдөө.
Менин максатым – өлкөдө парламенттик бийлик бутагынын башкаруусун өнүктүрүүгө, мыйзамдуулукту жана социалдык адилеттүүлүктү чыңдоого өз салымымды кошуу.
Мен, парламентке элдин муктаждыктарын түшүнгөн, билимдүү, жоопкерчиликтүү, демилгелүү жана ак ниет адамдар келиши керек деп ишенем.
Менин жашоо, кесиптик жана коомдук тажрыйбам мыйзам чыгаруу тармагында да, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөдө да Жогорку Кеңештин ишине конкреттүү пайда алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мен Жогорку Кеңеште төмөнкү иштерди аткарууга аракеттенем:
- элдин турмушуна жана заман талабына шайкеш келген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, алардын кабыл алынышына жетишүү;
- парламенттин бардык мүмкүнчүлүктөрүн жарандардын укуктарын коргоого жана курч социалдык маселелерди чечүүгө колдонуу;
- мамлекеттик бийликтин ачыктыгын, айкындуулугун жана жоопкерчилигин күчөтүүгө көмөктөшүү.
Менин максатым – элге кызмат кылган парламентти түзүү! Эл парламентке эмес – парламент эл үчүн болуусу абзел!