ДАВЛЯНОВ ДАМИРБЕК ТАЙЫРБЕКОВИЧ
Давлянов Дамирбек Тайырбекович, 1986-жылдын 21-мартында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. 1991-жылы Ош шаарындагы №4 мектепке барып, 2002-жылы аяктаган. Ошол эле жылы генерал-майор Э.А.Алиев атындагы КР ИИМ Академиясына тапшырган. 2007-жылы окууну артыкчылык менен аяктаган. Эмгек жолун 2007-жылы Ош шаардык ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери болуп баштаган. Өмүрүнүн баарын мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү жана укук тартибин коргоого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элине кызмат кылууга арнаган. 2011-жылдан тартып КР Ички иштер министрлигинин тутумунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Активдүү жашоо образын жүргүзөт, спорт менен машыгат, жылкы чарбасы менен алектенет. 2020-2021-жылдардагы пандемия учурунда ыктыярдуулук менен активдүү алектенип, муктаждарга жардам көрсөткөн. 2020-жылдын октябрь айында борбор калаада коомдук тартипти сактоо боюнча элдик кошуундардын тобун уюштуруп аны жетектеген. Көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн, ички иштер органдарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ар кандай структураларынан ардак грамоталар, медалдар жана ыраазычылык каттары менен сыйланган. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын ардактуу жараны, III Элдик Курултайдын делегаты болгон. КР ИИМнин пенсионери, милициянын полковниги, милициянын отличниги, кылмыш иликтөө, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын, экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча отличниги.