Кыргызстан чыныгы өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Кыргызстанга мамлекетти өнүктүрүүгө жана жарандарды коргоого багытталган реалдуу, жоопкерчиликтүү жана ырааттуу саясат керек. Биздин программанын башкы максаты — мамлекет чынчыл иштеген, экономика туруктуу өнүккөн жана жаран таза, коопсуз жана адилеттүү өлкөдө жашаган заманбап Кыргызстанды куруу.
Биздин миссиябыз — Адилеттүү бийлик. Күчтүү экономика. Таза Кыргызстан.
Биздин команданын мамилеси үч таянычка негизделген: ЭКОЛОГИЯ – ЭКОНОМИКА – ИНВЕСТИЦИЯ, ошондой эле Бишкек шаарындагы конкреттүү шаардык жана транспорттук маселелерди чечүүгө багытталган.
- Экология — улуттун саламаттыгы жана келечектин коопсуздугу
Биз балдарыбыз үчүн таза аба, суу жана жер менен камсыз кылышыбыз керек. Биздин максат — Кыргызстанды Борбор Азияда экологиялык коопсуздуктун үлгүсү кылуу.
Негизги чаралар:
- Стихиялык таштанды төгүүчү жайларды жоюу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарында аймактык таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү.
- Жарандарды кайра иштетүүгө катышкандыгы үчүн сыйлоо системасын киргизүү — арзандатуулар, бонустар, кайра иштетилген чийки зат үчүн төлөм.
- Бишкекте абаны тазалоонун заманбап технологиялары, көмүр казандарын алмаштыруу, транспортту көзөмөлдөө, жеке үйлөрдү газга жана электр энергиясына өткөрүүгө мамлекеттик колдоо.
Натыйжа: булгануунун азайышы, санитардык абалынын жакшырышы, кайра иштетүү жана экосервис чөйрөсүндө жумуш орундарын түзүү.
- Экономика — ар бир адам үчүн жумуш жана киреше
Экономикалык туруктуулук чакан жана орто бизнести реалдуу колдоосуз мүмкүн эмес. Максат — жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү, санариптештирүү жана ишкерлерди колдоо аркылуу туруктуу өсүшү.
Негизги багыттар:
- «Жаштар жана бизнес» мамлекеттик программасы — 35 жашка чейинки жаштар үчүн микрокредиттер жана аларды ишкердикке окутуу.
- IT-секторду өнүктүрүү — региондордо IT-борборлорду түзүү, IT-кызматтарды экспорттоо.
- «Ар бир район үчүн жумуш» программасы — ар бир үй-бүлө киреше булагына ээ болушу үчүн кайра иштетүүнү, кол өнөрчүлүктү, чакан үй-бүлөлүк бизнести жана фермердик бирикмелерди өнүктүрүү.
- Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү — жумуш орундарын түзүү шарты менен жаңы өндүрүштөрдү 3 жылга чейин салыктан бошотуу.
Натыйжа: жаңы жумуш орундарын түзүү, калктын кирешесинин өсүшү, чакан бизнестин чыңдалышы жана эмгек миграциясынын азайышы.
- Энергетикалык көз карандысыздык
Кыргызстан өзүнүн жаратылыш ресурстарына таяна алат жана таянышы керек. Биз күн, шамал, гидро- жана геотермалдык энергетикага инвестицияларды илгерилетебиз, электр тармактарын жаңылоого жана жоготууларды азайтууга колдоо көрсөтөбүз. Бул кадамдар өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыкка жана туруктуу өнүгүүгө карай жылышына жардам берет.
Натыйжа: жоготуулардын азайышы, энергетикага инвестициялардын тартылышы, өлкөнүн энергетикалык туруктуулугу.
- Инвестиция – ишеним жана өнүгүү
Кыргызстан инвестиция үчүн тобокелдик аймагы эмес, ишенимдүү аянтчага айланышы керек. Биздин өлкө мүмкүнчүлүктөрдүн аймактык борбору боло алат. Инвесторлор үчүн ишенимдүү шарт түзүп, узак мөөнөттүү салымдарды стимулдаштыруу зарыл.
- Транспорттук жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү — жол, суу менен камсыздоо, байланыш жана логистика боюнча долбоорлор үчүн артыкчылыктуу багыт.
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу эл аралык фонддорду жана жеке өнөктөштөрдү тартуу.
- «Борбордук Азиянын жашыл инвестициялык зонасы» статусун түзүү — энергетика, IT, туризм жана агро-өнөр жай тармактарына басым жасоо менен.
Натыйжа: жеке капиталды тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана аймактык өнүгүүнү тездетүү.
- Тыгынсыз шаар — заманбап Бишкек
Бишкек ыңгайлуу, таза жана коопсуз шаар болушу керек.
- "Эркин Бишкек" программасы: акылдуу светофорлор, муниципалдык унаа токтотуучу жайлар, бирдиктүү транспорттук карта.
- Коомдук транспортту өнүктүрүү: электробустарды жана газ менен жүрүүчү жаңы автобустарды сатып алуу, маршруттук тармакты жаңыртуу.
- Велосипед жолдорун, жөө жүргүнчүлөр зоналарын жана коопсуз өтмөктөрдү өнүктүрүү.
- Короолорду жана коомдук жайларды көрктөндүрүү долбоорлорун колдоо.
Натыйжа: тыгындардын кыскарышы, коопсуздуктун жогорулашы, шаардык чөйрөнүн жакшырышы.
- Ачык-айкындуулук, мыйзам жана жоопкерчилик
Максаты — элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүү. Бийликке болгон ишеним ачыктык жана жоопкерчилик болгондо гана мүмкүн. Негизги чаралар:
- Эл өкүлдөрүнүн жыл сайын эки жолу эл алдында отчет бериши.
- «Ачык депутат» электрондук системасы — жарандардын шайланган өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышы.
- Бюджеттин пайдаланылышын көзөмөлдөө жана долбоорлорго мониторинг жүргүзүүгө коомчулуктун катышуусу.
- Коррупцияга каршы органдарды парламенттик көзөмөлдөөнү күчөтүү.
Натыйжа: жарандардын парламентке болгон ишениминин өсүшү жана бийликтин эл алдында реалдуу отчеттуулугу.
- Социалдык өнүгүү жана биримдик
Күчтүү Кыргызстан – бул өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн иштеген адамдар. Өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн күн сайын иштегендерди колдоо – анын гүлдөп өнүгүшүнүн кепилдиги.
- Билим берүү, медицина, муниципалдык ишканалардын, үй комитеттеринин жана кварталдык комитеттердин кызматкерлерин колдоо.
- Аялдардын жана жаштардын бизнес жана коомдук долбоорлорго катышуусун кеңейтүү.
- Бюджетти региондор арасында адилеттүү бөлүштүрүү.
- Улуттар аралык биримдикке жана жарандык ынтымакка көмөктөшүү – маданий жана билим берүү долбоорлору.
Натыйжа: социалдык адилеттүүлүктү бекемдөө, жарандардын катышуусу жана мамлекетке болгон ишеним.
Биздин команданын максаты жөн гана парламентке кирүү эмес, саясатка болгон мамилени өзгөртүү. Ар бир мыйзам жана ар бир демилге элге пайда алып келиши керек. Биз Кыргызстанды таза аба, эркин жолдор, күчтүү экономика, ачык-айкын бийлик жана ар бир жаран өз өлкөсүнүн кожоюнумун деп сезген өлкөнү куруу үчүн бара жатабыз. Программанын ар бир багыты парламенттин, мамлекеттин жана өнөктөштүктүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген. Биз өлкөбүздүн келечеги үчүн системалуу, чынчыл жана жоопкерчиликтүү иштөөгө даярбыз.
Давлянов Дамирбек Тайырбекович