ШАРАПОВА ЖИБЕК ЗАКИРОВНА

Фамилиясы: Шарапова

Аты: Жибек

Атасынын аты: Закировна

Туулган датасы: 6 октября 1990 года

Иштеген жери жана ээлеген кызматы: Кыргыз-япон мектеби «Тенсай»

Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): Мен КРСУнун «Эл аралык мамилелер» багытын бүтүрүп, 2018-жылы Японияда Mini-MBA программасын өттүм. 2012-жылдан бери билим берүү жана ишкердик тармагында иштеп келем. «Жылдызчалар» тармагын негиздеп, 12 филиал жана 5000ден ашуун окуучуну камтыган билим борборлорун ачтым. Ошондой эле 600 окуучусу бар кыргыз-япон мектеби жана бакчасы «ТЕНСАЙ» долбоорун түздүм. 2019-жылы биринчи лицензияланган инклюзивдүү мектеп «Сезимтал – Өчпөс Үмүттү» негиздедим. 2022-жылы АКШнын Мамдепартаментинин IVLP программасына катыштым. Программа алкагында Баткен мугалимдерин окутууга багытталган грантты ишке ашырдым. 2024-жылдан тарта Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп келем. Мен бир катар методикалык колдонмолордун жана билим берүү программаларынын авторумун. Кыргыз, орус жана англис тилдерин билем, турмушка чыкканмын жана беш баланын энесимин

Лозунг: Аялдардын үнү — өзгөрүүнүн күчү!