КР ЖК депутаттыгына талапкердин программасы: Мен, Свердлов району үчүн коопсуз, таза жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүүнү максат кылып депутаттыкка талапкерлигимди коём. Районубуздагы жолдордун начар абалы, таштанды маселеси, билим берүү мекемелериндеги орундардын тартыштыгы жана жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн аздыгы – чечүүнү талап кылган негизги көйгөйлөр. Мен кичи бизнеске колдоо көрсөтүп, билим берүүнү жакшыртып, экологиялык абалды оңдоп, коопсуздук жана социалдык кызматтарды кеңейтүүгө багытталган системдүү иштерди жүргүзөм. Тажрыйбам жана адамдар менен иштөө жөндөмүм ар бир иштин жыйынтыктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Сиздер менен бирге Свердлов районун жашоого эң ыңгайлуу жана өнүккөн аймакка айланта алабыз.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Мамбетова 13/б к-су, Свердлов району
Тел.: +996 552 999 336
Почта: director.sezimtal06@gmail.com