ЭРГЕШОВ КАЗЫБЕК КОЧКОРОВИЧ
Мен, Эргешов Казыбек Кочкорович, 1969-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда төрөлгөм. Улутум кыргыз.
Эки жогорку билимим бар.
2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» адистигин аяктаганмын.
2010-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «Экономист» адистиги боюнча аяктаганмын, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын эл аралык университетинин магистратурасын «Юриспруденция» адистиги боюнча аяктаганмын.
1990-жылдан 2012-жылга чейин соода тармагында жеке ишкердик менен алектенгем.
2012-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеп келем. 26-, 27-, 28- жана 29-чакырылыштардын депутаты болуп шайлангам. Депутаттык ишмердүүлүгүмдүн алкагында шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын жана сессияларынын иштерине активдүү катышып келем.
Үй-бүлөлүүмүн, жети баланын атасымын.
Мен жана менин жакын туугандарым кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес.
Бош убактымда активдүү спорт менен машыгып,сергек жашоо образын карманам.