Таза аба. Заманбап батирлер. Акылдуу транспорт. Борбор калаанын жаштар борбору. Аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо.

Мен Бишкекте чоңойгом жана мен үчүн Свердлов району шаардын жүрөгү болуп саналат. Бул жерде менин тамырым, кошуналарым жашашат. Мен шаардын ар бир көчөнсүн, эски короолорду, толуп жаткан мектептерди, чыгыштан чыгуучу тыгындарды, кышында муунткан боз түтүндү да билем.

Депутат жолдорду оңдоп, мектеп курбайт. Депутат бюджетке таасир этип, мыйзамдарды жазып, кабыл алышат. Алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Мен парламентке Свердлов районунунүн үнү катуу чыгып, жашоочуларынын жашоо сапаты жакшырып, жайлуу болушу үчүн баратам.

Менин башкы үч максатым

Ышсыз Свердлов району. аба датчиктери, өнөр жай ишканаларында чыпкалар, кир унааларды чектөө менен «Түтүнгө каршы протоколун» киргизүү

Жаңы Свердлов району.  Эскирген имараттарды бузуу, мектеп, бала бакча, унаа токтотуучу жай, жашыл короо-сарайлары бар заманбап үйлөрдү куруу.

 Свердлов району – жаштар борбору. Жаштар кампусу, жатакана, жаш үй-бүлөлөр үчүн жеңилдетилген турак-жай, спорт залдары, оюн аянтчалары жана студенттер үчүн иш орундары.