ОРОЗБАЕВ МИРЛАН КУБАТБЕКОВИЧ

Мен, Орозбаев Мирлан Кубатбекович. 1981-жылдын 5-ноябрында Алай районунда төрөлгөм. Билимим боюнча — юристмин, юриспруденция боюнча магистр даражасына ээмин.

2005–2015-жылдары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөп, жарандардын укуктарын коргоо жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу тармагында баалуу тажрыйба топтодум.

2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөм.

2017-жылдан бери өлкөнүн саясий жана коомдук жашоосуна активдүү катышып келем. 2017, 2020 жана 2021-жылдары президенттикке талапкерлердин шайлоо штабдарын жетектегем.

Мен төмөнкү уюмдардын негиздөөчүсүмүн:

  • коомдук кайрымдуулук фонду «Ыйык Жол»,
  • уюм «Эл аралык Жаштар Ассамблеясы»,
  • юридикалык компания «Юрдикт»,

ошондой эле саясий партия «Улуу Журт» партиясынын негиздөөчүлөрүнүн биримин.

Пандемия мезгилинде Кыргызстан элине гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча ыктыярчылар кыймылын уюштургам. Биз муктаж үй-бүлөлөргө, медициналык мекемелерге, жаштар уюмдарына жана социалдык борборлорго колдоо көрсөттүк.

Расмий долбоорлордон тышкары да, мүмкүнчүлүк болгондо жеке өзүбүз да адамдарга жардам берүүгө аракет кылабыз.

«Улуу Журт» партиясынын жетишкендиктери

Пандемия учурунда партиянын мүчөлөрү активдүү кайрымдуулук иштерин жүргүзүшкөн жана төмөнкү уюмдарга гуманитардык жардам көрсөтүшкөн:

  1. Шаар мэриясынын алдында түзүлгөн жаштар иштери боюнча комитетке,
  2. Балдар жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борборго,
  3. Облустар аралык бириктирилген клиникалык төрөт стационарына.

Үй-бүлөлүү адаммын.