1. Жасалма мөңгүлөрдү тоңдуруу жана өстүрүү.

Дүйнөдө мөңгүлөрдүн тездик менен эришинен улам суу тартыштыгы күчөп жатат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жасалма мөңгүлөрдү жаратуу сунушталат.

Негизги чаралар: дрондор аркылуу карагай, кайың, арча, беде сыяктуу өсүмдүктөрдү себүү; өсүмдүктөрдүн тамырлары аркылуу жер кыртышын бекемдөө; сууну үнөмдүү пайдалануу; жаштарды экологиялык долбоорлорго тартуу. Бул долбоор экология менен экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

  1. Смог жана абанын булганышына каршы күрөш

Смог – элдин ден соолугуна терс таасир тийгизип жаткан олуттуу экологиялык көйгөй.

Сунуштар:

  • көмүр чыккан карьерлерди тазалоо жана зыяндуу калдыктарды жууп, зыянсыздандыруу системасын киргизүү;
  • күн энергиясын колдонгон айнек түтүкчөлөр аркылуу үйлөрдү жылытуу системасын өнүктүрүү;
  • күн панелдерин өндүрүүнү жана колдонуу аймагын кеңейтүү.

Бул чаралар абанын булганышын азайтып, калктын жашоо сапатын жакшыртат.

  1. Айыл чарбадагы азык-түлүк коопсуздугу жана экология

Чет өлкөдөн келген химиялык жер семирткичтер жерге жана суу жаныбарларына зыян келтирүүдө.

Чечүү жолдору:

  • мал кыктарын жана майда малдын (кой, эчки) жүнүнөн экологиялык гранулдук жер семирткичтерди өндүрүү системасын түзүү;
  • айыл чарбаны жана жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында эң төмөн пайыздагы жеңилдетилген кредиттерди берүү.

Бул чаралар жердин түшүмдүүлүгүн сактап, экологиялык таза азык-түлүк өндүрүүгө шарт түзөт.

  1. Мектептерге жаңы методикаларды киргизүү

Билим сапатын жогорулатуу максатында мектептерге жаңы пайдалуу сабактарды киргизүү сунушталат:

  • жол кыймылынын коопсуздугу боюнча сабактарды окутуу;
  • аскерге чейинки даярдык сабактарын көбөйтүү жана мекенге болгон сүйүүнү күчөтүү;
  • ыйман жана укук сабактарын киргизүү.

Бул иш-чаралар тарбиялуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү жарандарды калыптандырууга өбөлгө болот.