ИБРАЙМАКУНОВ ДАНИЯР ОМУРБЕКОВИЧ

Фамилиясы: Ибраймакунов
Аты: Данияр
Атасынын аты: Омурбекович
Туулган күнү: 1990-жылдын 8-августу
Иштеген жери: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматкери

Билими:

  • 2008–2013-жж. — Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик университети, «Экономика» багыты, алтын медаль менен бүтүргөн;
  • 2013–2016-жж. — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, «Юриспруденция» факультети, артыкчылык диплому менен бүтүргөн;
  • 2016–2019-жж. — Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик университети, адъюнктура, «Окутуучу-изилдөөчү» багыты, артыкчылык менен бүтүрүп, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасы ыйгарылган;
  • 2019–2022-жж. — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, «Өнөр жай жана жарандык курулуш» багыты.

Кыскача өмүр баяны

Мен, Ибраймакунов Данияр Омурбекович, 1990-жылдын 8-августунда аскер кызматкеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
1997-жылы Бишкек шаарындагы Свердлов районунун №45 эксперименталдык орто мектебине кирип, 2008-жылы аны алтын медаль менен аяктадым.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакырылып, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигине караштуу Ярославль аскердик каржы-экономикалык академиясына тапшыргам.
2010-жылы Москва шаарындагы Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик университетинин каржы-экономикалык факультетине которулуп, 2013-жылы аны кызыл диплом жана алтын медаль менен аяктадым.

2016-жылы аскердик кызматтагы жогорку көрсөткүчтөрүм үчүн Москва шаарындагы Аскердик университеттин күндүзгү адъюнктурасына жиберилгем. Диссертациялык ишти ийгиликтүү коргоп, экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алдым.

2013-жылдын июнь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп келем. Кызматтык жолумду жаш офицерлик звенодон баштап, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкармалыгынын начальнигине чейинки кызматтарды ээлеп келдим.