Шайлоо алдындагы программа
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер
Бишкек шаарынын Свердлов району боюнча
Урматтуу Свердлов районунун тургундары!
Мен шайлоого өз алдынча талапкер жана офицер катары, эл алдындагы милдетимди жана жоопкерчилигимди жетекчиликке алып катышып жатам.
Менин турумум так жана жөнөкөй: бош убада эмес — мыйзамдын жана депутаттык ыйгарым укуктардын алкагындагы реалдуу иштер.
- Свердлов району боюнча
Белгилеп кетким келет: райондун көрктөндүрүлүшү, жолдордун, мектептердин, бала бакчалардын жана спорт аянтчаларынын курулушу жана капиталдык оңдолушу — бул жергиликтүү кеңештердин жана шаардык бийликтин ыйгарым укуктарына кирет.
Жогорку Кеңештин депутаты жол кура албайт, бирок ал бул иштерге бөлүнгөн каражаттын ачык жана натыйжалуу пайдаланылышын көзөмөлдөөгө милдеттүү.
Эл ишенимин арткан учурда төмөнкү иштер уюштурулат:
- Район ичиндеги жолдорду оңдоо, канализация жана жарыктандыруу, социалдык объекттерди жана турак жайларды куруу боюнча программалардын аткарылышына депутаттык көзөмөл жүргүзүү;
- Свердлов районунун тургундары үчүн туруктуу коомдук кабылдама уюштуруу, анда ар бир жаран жеке кайрылып, маселесин билдире же сунуш бере алат;
- Аткарылган иштер боюнча шайлоочуларга үзгүлтүксүз отчет берүү — иштин жүрүшү жөнүндө коомчулукка ачык маалымат берүү.
- Кыргыз Республикасынын деңгээлинде
- Жарандардын пенсиялык системасын реформалоо — топтолгон каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүү, аскер кызматкерлери жана укук коргоо органдары үчүн жыл сайын индексациялоо механизмин киргизүү.
- Бала төрөлгөн учурда үй-бүлөлөрдү бир жолку колдоо.
Учурдагы «Балага сүйүнчү» (4 000 сом) төлөмүнүн ордуна бир жолку жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталат:
- Биринчи балага — 100 000 сом;
- Экинчи балага — 200 000 сом;
- Үчүнчү жана андан кийинки балдарга — ар бирине 300 000 сомдон.
Бул чара жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, төрөлүү деңгээлин жогорулатууга жана ата-энелердин каржылык жүгүн азайтууга багытталган. Каражаттарды төмөнкү максаттарга пайдаланууга болот:
- турак жай шарттарын жакшыртуу;
- баланын билимине жумшо;
- үй-бүлөнүн медициналык муктаждыктарына колдонуу.
- Депутаттарды шайлоо системасын реформалоо.
Депутаттарды шайлоо округдары боюнча тандап, аларды тиешелүү профильдик комитеттерге бекитүү сунушталат. Бул Жогорку Кеңештин кесипкөйлүгүн арттырат жана ар бир депутаттын жоопкерчилигин күчөтөт.
- Жаштарды колдоо.
Мамлекеттик жана ири жеке мекемелерге мыкты бүтүрүүчүлөр үчүн жумушка кабыл алууда квота киргизүү. - Аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан колдоо.
Кызматтык милдетин аткарууда жаракат алган, ошондой эле 1979–1989-жылдары Афганистанда жана 1999–2000-жылдары Баткен облусунда болгон согуш аракеттерине катышкан ардагерлер үчүн төлөмдөрдү көбөйтүү, жеңилдиктерди жана кепилдиктерди кеңейтүү. - Региондордо жумуш орундарын түзүү, өзгөчө чек ара аймактарында, ички жана тышкы миграцияны азайтуу максатында.
- Социалдык жактан аяр катмардагы жарандарга коммуналдык кызматтар үчүн компенсациялык төлөмдөрдү берүү.
- Экологиялык мыйзамдарды күчөтүү жана бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу.
- Айлана-чөйрөнү сактоо жана көрктөндүрүү долбоорлорун ишке ашырган ишканаларды колдоо.
Реформанын натыйжалары:
- Депутаттар өз тармагында компетенттүү жана кесипкөй болот;
- Мыйзам чыгаруу иши натыйжалуу жана сапаттуу болот;
- Шайлоочулар белгилүү бир тармак үчүн жооп берген конкреттүү адиске көзөмөл жүргүзө алышат.
Жыйынтык
Мен мүмкүн эмес нерсени убадалабайм.
Мен элге кызмат кылууну жана реалдуу өзгөрүүлөргө жетишүүнү убадалайм.
Офицер катары мен сөзүмө жооп берүүгө жана милдетимди аягына чейин аткарууга үйрөнгөм.
Тартипке, адилеттикке жана биримдиктин күчүнө ишенем!
Күчтүү Кыргызстан үчүн!