КАРЫБЕК УУЛУ УЛУКБЕК

1990-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда мугалимдер үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1998–2009-жылдары орто мектепте билим алып, 2009-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкаруу жана бизнес институтуна "Сапатты башкаруу" адистиги боюнча кабыл алынган. 2014-жылы ийгиликтүү аяктап, инженер-менеджер квалификациясын алган.

Эмгек жолун 2011-жылы «Эхо Манаса» телеканалында кабарчы болуп баштаган. 2013-жылдан тарта «Түшүнүк» («Понятие») аттуу  автордук телепрограмманын негиздөөчүсү жана алып баруучусу болгон. Ошол эле мезгилде «Дил мурогу» маданий-адептик борборунда менеджер кызматын аркалаган.

2015-жылы «Замандаш» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер болгон.

2016-жылдан бери «Чоң-Алай» коомдук бирикмесин төрагасы болуп иш алып барат.

2017-жылы «Марва» телеканалынын директору болуп дайындалган.

2019–2021-жылдары журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп,  өлкөдөгү  бир катар коррупциялык көрүнүштөрдү, анын ичинде, алтын кендериндеги мыйзам бузуулар жана «Коопсуз шаар» долбоорундагы коррупциялык схемалар боюнча материалдарды жарыялаган.

2021-жылы кайрадан «Эл Үмүтү» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүп, 2024-жылы шаардык кеңештин депутаты болуп шайланган, 2025-жылдан баштап  коомдук-саясий ишмердүүлүгүн активдүү  улантууда.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жоопкерчиликтүү,   так,  адамдар менен баарлашууга жөндөмдүү жана  өз өлкөсүнүн  өнүгүшүнө салым кошууну максат кылган  мекенчил инсан.