САЯСИЙ ПЛАТФОРМА

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер Улукбек Карыбек уулу

Урматтуу шайлоочулар!

Жогорку Кеңеш бийликтин маанилүү бутагы, ал мамлекеттин өнүгүүсү, саясий туруктуулугу жана коррупцияга каршы күрөш үчүн пайдалуу мыйзамдарды кабыл алууга милдеттүү. Мен таза, жоопкерчиликтүү жана элге кызмат кылган парламент болушун максат кылам.

 

Бизге иштеп, жоопкерчиликти сезген, элдин үнүн уккан парламент керек. Турмушта иштеген мыйзамдарды кабыл алып, алардын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөй алган Жогорку Кеңеш болушу шарт.

Менин максатым жөн гана мыйзам жазуу эмес, алардын элге тийгизген таасирин талдап, түшүнүктүү жана натыйжалуу куралга айлантуу.

 

  1. Коррупцияга каршы күрөш жана моралдык жоопкерчилик

Мен Жогорку Кеңешке келгенден кийин “Коррупционерлер музейин” мыйзам жолу менен түзүү демилгесин көтөрөм. Бул коомдук уят аркылуу жоопкерчилик тарттыруунун белгиси болот.

Музейде төмөнкү маалыматтар ачык көрсөтүлөт:

  • Коррупциянерлердин тизмеси;
  • Коррупциянерлердин аты-жөнү сүрөтү, өмүр баяны;
  • Мамлекеттик кызматтагы ишмердиги, кылмыштык иштери тууралуу маалыматтар,
  • Соттун чечими, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү.

Ишке ашыруу тартиби:

  • Сот чечими менен толук далилденген гана фактылар киргизилет;
  • Жеке жашоосу эмес, мамлекеттик кызматтагы ишмердиги көрсөтүлөт;
  • Юридикалык тактык, саясий бейтараптык, коомдук адилеттүүлүк сакталып, мыйзам чегинде жүргүзүлөт.

 

  1. Саламаттык сактоо: ар бир адамга, ар дайым
  • Мамлекеттик лабораторияларды өнүктүрүү;
  • Бейтаптын чыгымын азайтуу;
  • Мамлекеттик медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу;
  • Мамлекеттик медицинада материалдык жана дары-дармек камсыздоо процедурасын санариптештирүү.

 

  1. Жарандык укук сабагы жана мугалимдин абалы коомдун өсүшү
  • Мектеп прогроммасына «жарандык укук» сабагын киргизүү;
  • Мугалимдердин эмгек шарттарын жакшыртуу.

 

 

  1. Борбор калаанын тең салмактуу өнүгүүсү
  •  “Жаңы конуш” макамын жокко чыгаруу;
  • Шаардын экономикалык, социалдык жана инфраструктуралык өнүгүүсүндө бюджеттик каржылоону шаар четиндеги конуштарга басым жасоо.

 

  1. Мамлекеттик, муниципалдык жана социалдык кызматта эмгектенген айымдарга кошумча укуктук шарттарын камсыздоо
  • Эмгек кодексине гендердик өзгөчөлүктөрдү эске алган шарттарды киргизүү (ийкемдүү график, кошумча өргүүлөр ж.б.).

 

  1. Улгайган жарандарга камкордук
  • КР Конституциясына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде эмгектенген жарандарыбызга тең укуктуулукту камсыздоо максатында пенсия өлчөмдөрүн теңдөө;
  • Медициналык кызмат көрсөтүүдө пенсия курагындагы жарандарыбызга льготтук жана төлөмсүз мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
  • Коомдук турмушка активдүү катышуусуна шарттарды түзүп берүү.

 

  1. Туризм жана экология
  •   Мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүндө туризм багытын приоритеттүү тармакка айландыруу;
  • “Бир облус - бир туристтик бренд” программасын ишке ашыруу;
  • Табигый ресурстарды ачык-айкын жана эфективдүү башкаруу.

 

  1. Эл менен парламенттин ортосундагы байланыш
  • Депутатты округуна тиешелүү шайлоочулардын астында милдеттүү түрдө жылдык отчет берүүсүн мыйзам менен бекитүү;
  • Депутат мыйзам долбоорун кароодо окрукдагы шайлоочуларынын пикирин эске алуусун милдеттендирүү;
  • Депутат элге берген отчету жактырылбаган учурда мандатын чакырып алуу процедурасын мыйзамдаштыруу;
  • БШК аракеттеги депутатты шайлоого талапкер катары каттоодо жылдык отчетун эске алуусун мыйзамдаштыруу.

 

  1. Жаштар келечек гана эмес, бүгүнкү күндүн күчү
  • Жаштардын мамлекеттик жана муниципалды башкаруу системасын келүүсүнө мыйзам нормаларына өзгөчөлүктөрдү  киргизүү;
  • Мамлекеттик мекемелерде жетекчилик кызматка дайындоодо приоритетти жаштарга берүү;
  • Мамлекеттин эконимикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүндө жаштардын демилгесин, сунушун жана потенциалын колдогон мамлекеттик саясатты бекемдөө.

 

 

  1. Өзүм жөнүндө кыскача:
  • Эркин журналист, коомдук ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты;
  • Билим берүү, саламаттык сактоо жана аймактык өнүгүүнү жакшыртуу боюнча стратегиям бар;
  • Коомдук башталышта коррупцияга каршы күрөштү эфективдүү, жыйынтыктуу, практика жүзүндө иликтөөлөрдү жүргүзгөм.

 

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер

Улукбек Карыбек уулу