ИСАЕВА МАЙРАМКУЛЬ ТУРГУНБЕКОВНА

Мен, Исаева Майрамкүл Тургунбековна, 1976-жылдын 29-апрелинде Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы Калинин районунда төрөлгөм.

 Кара-Балта шаарындагы №3 орто мектепти бүтүргөм.

1993-жылы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Университетинин Чыгыш таануу факультетине тапшырып, 1998-жылы Кыргыз Улуттук Мамлекеттик Университетинин Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун Чыгыш таануу факультетин «чыгыш филологиясы» адистиги боюнча бүтүргөм.

2002–2005-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетин «Юрист» адистиги боюнча аяктадым.

2001–2002-жылдары Казак укук таануу институтунда (КИПМО) методист-катчы кызматында иштедим.

2002-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин «Жазык укугу» кафедрасында лаборант болуп иштегем.

2002-жылдан 2017-жылга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Эл аралык билим берүү институтунун Чыгыш таануу факультетинде стажёрдон жапон тили боюнча улук окутуучуга чейин иштедим.

2017-жылдан бери кошумча негизинде «СЕДЕП-билим» билим берүү борборунун директору болуп иштейм.

2019-жылдан бери Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Япон таануу институтунда улук окутуучу болуп эмгектенип келем.

Азыркы учурда И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин аспирантурасында «Социалдык философия» багыты боюнча окуйм (шифр 09.00.11). Тема: «Инновациялык билим берүү — философиялык изилдөөнүн объектиси (Кыргызстан менен Япониянын мисалында)».

Илимий ишмердүүлүк менен алектенем. Билим берүү боюнча РИНЦке кирген 14 илимий макаланын авторумун.