Талапкердин шайлоо алдындагы программасы:

«Билим берүү жана ден-соолук – күчтүү Кыргызстандын келечеги»

Бүгүн билим берүү жөнүндө көп айтылууда — бийликтин жогорку трибуналарынан тартып, ар бир үй-бүлөнүн ичинде. Бирок билим берүү системасындагы терең көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган чыныгы чаралар жетишсиз.  Жыл сайын мугалимдин статусу төмөндөп бара жатат жана тилекке каршы, бул процесс бүгүнкү күнгө чейин токтогон жок. Биз кадрдык жетишпестик менен азыртан эле бетме-бет келүүдөбүз — бул мектептерде да, жогорку окуу жайларында да байкалууда. Эгер биз мугалимге болгон мамилени өзгөртүп, анын кадыр-баркын көтөрбөсөк, бул маселе улана берет.

Билим берүү — коомдун өнүгүшү менен түз байланышта. Ошондуктан адам — бул туруктуу коомду куруудагы башкы приоритет. Гуманизм, өз ара сый-урмат жана жалпы жыргалчылыкка умтулуу — мына ушул баалуулуктар билим аркылуу калыптанат. Сапаттуу билим гана өз алдынча ой жүгүртө алган, чечимдерине жоопкерчиликтүү жана өлкөнүн турмушуна активдүү катыша алган инсанды тарбиялай алат.

Бул максатка жетүү үчүн педагог — жөн гана кесип эмес, келечекти кура турган пайдубал экенин таануу зарыл. Мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү, эмгек акыны татыктуу деңгээлге жеткирүү, кесиптик өсүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана педагогтук эмгегин сыйлоо — булардын бири да улуттун туруктуу өнүгүүсүсүз мүмкүн эмес.

Билим берүү менен ден-соолукту коргоо жана калкты медициналык тейлөө — бул коомдун негизи. Жарандардын ден-соолугуна кам көрүү — бул мамлекеттин гумандуулугунун жана өнүккөндүгүнүн көрсөткүчү гана эмес, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн негизи.

Сапаттуу медициналык жардамга жеткиликтүүлүк, оорулардын алдын алуу, санитардык агартуу иштери жана медициналык инфраструктураны өнүктүрүү — булардын бардыгы жашоонун сапатын камсыз кылууда негизги ролду ойнойт.

Ден-соолуктун деңгээли түздөн-түз калктын эмгекке жөндөмдүүлүгүнө, экономикалык туруктуулугуна жана социалдык жыргалчылыгына таасир этет. Ошондуктан мамлекеттик саламаттыкты сактоо саясаты төмөнкү багыттарга негизделиши керек:

  • Биринчи баскычтагы медициналык жардамды бекемдөө;
  • Аймактардагы медицина кызматкерлерин колдоо;
  • Диагностикалоо жана дарылоонун заманбап технологияларын киргизүү.

Ошондой эле, дени сак жашоо образын калыптандыруу, өнөкөт ооруларын алдын алуу жана психикалык ден-соолукту сактоо — гармониялуу жана өнүккөн коомду түзүүдөгү маанилүү багыттар болуп саналат.

Бул шарттарда билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары өзүнчө каралбастан, бир-бири менен тыгыз байланышкан, туруктуу келечектин таянычы катары каралышы керек. Биз адамдардын интеллектуалдык, физикалык жана психикалык өнүгүүсүнө — адамдык капиталга инвестиция кылуу аркылуу гана системалык кризистерди жеңип, алдыга карай ишенимдүү кадам таштай алабыз.

Биздин жол — бул социалдык өзгөрүүлөрдүн жолу жана анын борборунда адамдын өзү турат.

Мен төмөнкүлөрдү жактайм:

  • Ар бир балага, жашаган жери жана социалдык абалына карабастан, жеткиликтүү билим.
  • Практикалык жөндөмдөрдү, сынчыл ой жүгүртүүнү жана инновациялык ойду өнүктүрүүгө багытталган билим берүү программаларын жаңылоо.
  • Аймактардагы мектептерди жана жогорку окуу жайларын колдоо, сапаттуу билимди өлкөнүн бардык бурчуна жеткирүү.
  • Мамлекеттик саясаттан тартып коомдук деңгээлге чейин мугалимге болгон сый-урматты калыбына келтирүү.
  • Бишкектен тартып эң алыскы ФАПтарга чейин татыктуу медициналык жардам.
  • Аймактарда өзгөчө жетишпей жаткан медициналык кадрларды колдоо.
  • Ооруларды алдын алуу, реабилитация жана коомдук саламаттыкты сактоо программалары, өзгөчө энелер менен балдарды коргоо багытында.
  • Билим берүү жана медицинаны санариптештирүү — заманбап стандартка айлануусу керек.

Мен ишенем: билимдүү, ден-соолугу чын жана келечегине ишенген адам — бул өнүккөн өлкөнүн пайдубалы.

«Билим берүү жана ден-соолук — күчтүү Кыргызстандын келечеги» — бул жөн гана ураан эмес, бул биздин бекем турумубуз.

Биз чогуу — ар бир жаран өзүн маанилүү жана корголгун сезген, туруктуу, адилеттүү жана гүлдөгөн мамлекетти кура алабыз!

 

 

Талапкер катары менин ниеттерим:

  • Ар дайым шайлоочулар менен байланышта болуп, ачык жана чынчыл диалог жүргүзөм.
  • Бардык маселелерди 100% чечүүгө жетишпесем да, ар бир жаран угулушу үчүн болгон аракетимди кылам.
  • Мыйзам жазуу ишмердүүлүгүмдө жарандардын кызыкчылыктарын жана жарандын жашоо шартын ыңгайлаштырууну биринчи орунга коём.
  • Жарандын сөзү Жогорку Кеңештен угулат.
  • Мектеп мугалимдеринин жана ЖОЖ окутуучуларынын статусун көтөрүү үчүн активдүү аракет кылам.
  • Балдар — бул туруктуу жана күчтүү өлкөнүн келечеги. Билим берүү, ошонун ичинде окуучуларды коргоо камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзөм.
  • Атайын муктаждыгы бар, социалдык жактан аярлуу топтордун көйгөйлөрүн көтөрүп, алардын укуктарын мыйзам деңгээлинде коргоого аракет кылам.
  • Студенттер жана жаштар — мамлекеттин стратегиялык ресурсу. Алардын укуктарын коргоп, сапаттуу билим жана өнүгүүгө шарт түзүүгө көмөктөшөм.
  • Карыларды колдоо — биздин коомдун милдети. Жардамсыз калган карыларды, карылар үйүндөгүлөрдүн укугун коргоп, алардын кызыкчылыгын коргойм.

 

Мыйзам чыгаруу демилгелерим:

  • Мугалимдин статусун көтөрүү: маянаны жогорулатуу, кесиптик укуктарды коргоо, ашыкча бюрократияны кыскартуу, коомдук урмат-сыйды калыптандыруу.
  • «Таза шаар» мыйзамы: өлкөбүздү булгалоого каршы чараларды күчөтүү, экологиялык сабаттуулук, жарандарды коомдук мейкиндиктерди жакшыртууга тартуу.
  • Алдамчылыктан жабыркагандарды коргоо: финансы, санарип жана турак-жай тармагындагы алдамчылыктардан коргогон чыныгы мыйзамды кабыл алуу.
  • Мектептердеги буллинг (кордоо) боюнча мыйзам: окуучуларды психологиялык жана физикалык зомбулуктан коргоо, жабыр тарткандарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоо.

 

 

 

Шаар тургундары үчүн артыкчылыктуу багыттар:

  • Мугалимдердин маянасын жогорулатуу жана мектептердеги ашыкча отчеттуулукту азайтуу.
  • Шаардын булгануусуна каршы күрөшүү жана тазалык маданиятын калыптандыруу.
  • Мектептердеги орун жетишсиздигин жана ашыкча жүктөлүүнү чечүү.
  • Мектептерде балдардын арасында буллингге каршы мыйзамдык жана тарбиялык иш-чараларды киргизүү.

 

Менин максатым — жөн гана убадалоо эмес, иштөө.

Эл үчүн, эл менен жана элдин жашоо шартын ынгайлаштыруу үчүн иштөө.
Биз чогуу — майда кадамдар менен адамга болгон урмат, адилеттүүлүк жана жоопкерчилик менен өлкөбүздү жакшыр алабыз.