ШЕРИКУЛОВА МИНАРА АНАРБЕКОВНА
Мен, Шерикулова Минара Анарбековна 1974-жылы 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында туулгам.
1991-жылы А.С. Токмок шаарындагы № 1 Пушкин атындагы орто мектеп-гимназиясын бүтүргɵм.
1996-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин филология жана корей тили адистигине тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктагам. Университетти аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия, Африка жана Тынч океан департаментинин катчысына жардамчы болуп ишке орношком. Сеул Улуттук университетинде магистратураны жана докторантураны аяктагам, Сеул Улуттук университетинде адабияттын доктору даражасына ээ болгом. Кыргызстанга кайтып келгенден кийин К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин корей тили кафедрасынын доценти даражасында чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетине кызматка орношком. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Ардактуу консулдугунун, Кыргыз Республикасынын парламентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ф. Куловдун, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри Н.Т. Шакиевдин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Т. Бабановдун, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Ш. Жээнбековдун, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун иш сапарларында котормочулук милдетти аткаргам. Бишкек шаарында Кыргыз-корей маданий-агартуу борборун, Ош шаарында Кыргыз-корей борборун, Жалал-Абад шаарында Кыргыз-корей билим берүү борборун негиздɵɵ менен, республикабызда кыргыз-корей колледжин жана Борбор Азиядагы корей институтун ачкам. Борбордук Азиядагы корей институнун жана «Кыргызстандагы корей таануу» илимий журналынын башкы редактору жана Борбордук Азиядагы университеттердин корей таануу окутуучулар ассоциациясынын президенти болуп саналам. Кыргыз Республикасындагы WT(World Taekwondo) таэквондо ассоциациясынын вице-президенти болуп дайындалгам. Yй-бүлөлүүмүн, эки балам бар. Соттуулугум жок. Шайлоого катышуумдун максаты – өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу, экономиканы чыңдоо, билим берүүнү, жаштарды, чакан бизнести колдоо болуп саналат.