"Билим. Жаштар. Бизнес. Кыргызстандын келечеги"
-
"Билим. Жаштар. Бизнес. Кыргызстандын келечеги"
- БИЛИМ БЕРҮҮ – ӨЛКӨНҮН ӨНҮГҮҮСҮНҮН НЕГИЗИ
Менин максатым - бүтүрүүчүлөрдү эле эмес, бүтүндɵй Кыргызстандын келечегин даярдаган билим берүү системасын түзүү.
Негизги багыттар: • Мектептин окутуу программасын модернизациялоо: окуу китептеринин мазмунун жаңылоо, санариптик технологияларды киргизүү, сын кɵз менен ой жүгүртүүнү, математиканы, англис тилин жана IT көндүмдөрүн өнүктүрүү. • Мугалимдерди колдоо: эмгек акыны жогорулатуу, туруктуу түрдɵ квалификациясын жогорулатуу, алдыңкы мугалимдерге гранттык жана бонустук системаны киргизүү. • Кесиптик жана техникалык билим берүүнү өнүктүрүү: аймактарда заманбап колледждерди жана кол өнөрчүлүк борборлорун ачуу, практикалык окуу үчүн бизнес менен өнөктөштүк. • Студенттер үчүн мамлекеттик программалар: бекер онлайн курстар, нɵл пайыздык билим берүү кредиттери, мамлекеттик органдарда жана жеке компанияларда эң мыкты бүтүрүүчүлөр үчүн мамлекеттик стажировка. • Аймактарда билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү: айыл мектептерин жабдуу, дистанттык окутууну өнүктүрүү, бекер интернет, санариптик класстар. 2. ЖАШТАР – КУБАТУУ КYЧ ЖАНА УЛУТТУН КЕЛЕЧЕГИ
Менин максатым – жаштарга Кыргызстанда өзүн-өзү калыптандыруу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү берүү. Негизги демилгелер: • Ар бир аймакта ишкердик, IT, спорт, искусство жана лидерлик боюнча иштеп турган программалары бар жаштар борборлорун түзүү. • Күрөөсүз, мамлекеттин кепилдиги бар жаштардын стартаптары үчүн гранттар жана микрокредиттер. • «Жаштар-Келечек» мамлекеттик программасы: бүтүрүүчүлөрдү практика жана жеке сектор менен өнөктөштүк аркылуу ишке орноштуруу. • Спортту жана сергек жашоону колдоо: спорт аянтчаларын куруу, балдар жана өспүрүмдөр үчүн акысыз секциялар. • Жарандык тарбияны жана атуулдукту өнүктүрүү: тарых, маданият, жаштардын коомго активдүү катышуусу боюнча программалар. 3. ЧАКАН ЖАНА ОРТО БИЗНЕС — ЭКОНОМИКАНЫН ЖƟЛƟГY
Менин максатым – ар бир ишкер үчүн Кыргызстанды мүмкүнчүлүктөр өлкөсүнө айландыруу. Негизги чаралар: • Салык жүгүн жана бюрократияны азайтуу: бизнести каттоону жөнөкөйлөтүү, санариптик кызматтарга өтүү, коррупциялык бɵгɵттɵрдү жоюу. • Арзан кредиттер жана микрокаржылоо: кредиттер боюнча мамлекеттик кепилдиктер, стартаптар жана айылдык ишкерлер үчүн жеңилдетилген шарттар. • Аялдардын жана үй-бүлөлүк бизнести колдоо, кол өнөрчүлүктү, кайра иштетүүнү, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү. • Кыргызстандын экспортун алга жылдыруу: экспорттук стандарттарды окутуу, эл аралык көргөзмөлөрдө колдоо жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү. 4. ЖАРАНДАРДЫН АЛЫНДАГЫ МИЛДЕТИМ Тɵмɵндɵгүлɵрдү чечүүгɵ аракет кылам: • Билим берүү жаатындагы бюджеттин жана жаштар программаларынын ачык-айкындыгы. • Жаштар арасындагы жумушсуздукту кыскартуу. • Шаарларда жана аймактарда бизнести өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзүү. • Айрым топтордун эмес, жалпы жарандардын кызыкчылыктарын чындап коргогон мыйзамдык демилгелер.
5. Менин башкы максатым Билимдүү эл, активдүү жаштар, күчтүү чакан бизнес – эгемендүү жана гүлдөп ɵнүгүп жаткан Кыргызстандын жолу. Өлкөбүздүн ар бир жараны өз мекенинде татыктуу билим алууга, иштөөгө жана келечегин курууга мүмкүнчүлүк алууга тийиш деп эсептейм.