КАРАБАЕВА КАНЫМБУ ИСИРАИЛОВНА
Мен, Карабаева Канымбу Исираиловна, 1972-жылдын 24-мартында Сузак районунун Барпы айылында көп балалуу мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Ата-энем - Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги наамынын ээлери.
1980-1988-жылдары Барпы айылындагы №6 Н.К. Крупская атындагы орто мектепти артыкчылык аттестат менен аяктадым. 1988-жылы Сузак районундагы № 36 кесиптик окуу жайына «Кондитердик иш» адистиги боюнча тапшырып, аталган окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөм.
Кесиптик окуу жайын аяктагандан кийин, 1998-жылы Ош Мамлекеттик Университетинин «Юридикалык» факультетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алып, дипломго ээ болгом.
1993-2000-жылдары Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармасында катчы-секретарь кызматынан концелярия башчысы кызматына чейин иштедим. Анын ичинде 1997–2000-жылдар аралыгында Көк-Жаңгак шаардык Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштегем.
2000-2008-жылдары Жалал-Абад шаарындагы «Келечек» Ачык акционердик коомунун юридикалык бөлүмүндө башкы юрист кызматын аркаладым.
2008-2010-жылдары Кара-Көл жана Сузак райондорунун социалдык коргоо башкармаларынын начальниги болуп эмгектендим.
2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын юрист-консультанты болуп иштедим.
2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин эки чакырылыштагы курамынын мүчөсү болуп шайлангам.
2018-жылы мага «Сузак районунун ардактуу жараны» наамы ыйгарылган.
2025-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин Ардактуу грамотасы менен сыйландым.
2017-жылдын ноябрь айында Индия мамлекетинде боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жасатып келгем. Ошого байланыштуу I-топтогу майыптык тобуна чыгарылганмын.
2020-жылы “Мекенчил” саясий партиясынан, ал эми 2021-жылы “Ишеним” саясий партиясынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган квота аркылуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына партиялык тизмеден талапкер катары катышкам.
2024-2025-жылдардын март айына чейин “Боордошум” коомдук кайрымдуулук фондун жетектеп, оорукчан, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүү иретинде бир топ кайрымдуулук иштерин жүргүздүм.
Учурда мамлекеттик кызматта иштебейм. Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын жана эки неберенин энесимин.