ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ ПРОГРАММА

  1. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жана социалдык жардамга муктаж адамдардын укуктарын коргоо жана колдоо. Мамлекет тарабынан майып жарандарды акысыз жана жеңилдетилген дарылоо менен камсыз кылуу.
  2. Саламаттыкты сактоо тармагында реформаларды жүргүзүү аркылуу жарандарды медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу.
  3. Кыргыз Республикасында орган көчүрүп отургузуу (трансплантация) жаатындагы чет өлкөлүк тажрыйбаны өркүндөтүү.
  4. Боор оорусу, курч жугуштуу оорулар (гепатит) сыяктуу кыргыз элине геноцид коркунучун жараткан оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик деңгээлде программа иштеп чыгуу.
  5. Калкты сапаттуу жана арзан баадагы жашоо үчүн маанилүү дары-дармектер менен камсыздоо маселесин мамлекеттик деңгээлде көтөрүү.
  6. Чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу.
  7. Билим берүү тармагын системалуу реформалар аркылуу өнүктүрүү жана жаштар үчүн татыктуу келечекти камсыз кылуу.