САККАРАЕВ МЕДЕРБЕК ДЖАМАНКУЛОВИЧ
Мен, Саккараев Медербек Джаманкулович 1971 жылы 12-декабрда Токмок шаарында кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм.
1978-1989 жылы Токмок шаарындагы № 1 А.С. Пушкин атындагы мектебинде билим алгам.
1989-1994 жылы Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун бүтүруп, агроном адистигине ээ болгом. 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктап, юрист адистигин алгам.
1994-1995 жылдары Кант нефтебаза ишканасында оператор кызматкери болуп эмгек жолун баштагам. 1995-2005 жылдары жеке ишкер болгом. 2005-2021-жылдын декабрь айына чейин “ДиОА Шумкар” ЖЧК башкы директору болгон.
2012-жылдан 2016-жылга чейинки мезгилге Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп эмгектенгем.
2021-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Чүй-Кемин шайлоо округу боюнча жетинчи чакырылыштын депутаты болуп шайландым.
«TOMAT KG» үрөнчүлүк чарбасынын негиздөөчүсү.
Үй-бүлөлүү. 7 баланын атасы.