№26 КӨП МАНДАТТУУ ШАЙЛОО ОКРУГУНАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕР
САККАРАЕВ МЕДЕРБЕК ДЖАМАНКУЛОВИЧТИН ПРОГРАММАСЫ
1. Менин миссиям
Менин максатым — Чүй облусун татыктуу түрдө Жогорку Кеңештин курамында көрсөтүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу. Мен парламентке элдин үнүн угузуп, ар бир жарандын кызыкчылыгын коргоого, жашоо деңгээлин жогорулатууга жана мамлекетти чыңдоого багытталган мыйзамдарды кабыл алуу үчүн бара жатам.
2. Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар:
- Ишкердикти өнүктүрүү — күчтүү экономиканын негизи
- Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн жеткиликтүү насыялар жана субсидияларды берүү.
- Ар бир райондо өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүгө шарт түзүү.
- Өндүрүлгөн продукцияны ички жана тышкы рынокторго чыгаруу үчүн түз каналдарды кеңейтүү жана шарт түзүү.
- Мамлекеттер аралык сооданы жакшыртуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.
- Айылдарды өнүктүрүү жана дыйкан чарбаларын колдоо
- Айыл тургундары үчүн социалдык жеңилдиктерди жана сапаттуу медициналык тейлөөнү жакшыртуу.
- Айыл жергесинде билим берүүнү, агрардык колледждерди жана кесиптик лицейлерди өнүктүрүү.
- Айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү.
- Айыл чарба продукциясын терең кайра иштетүү аркылуу даяр экспорттук товарларды өндүрүү.
- III. Экономика жана жумуш менен камсыздоо
- Инфраструктураны жакшыртуу: автоунаа жолдорун куруу жана оңдоо, аба транспорту менен инженердик тармактарды өнүктүрүү.
- Инвестиция тартуу максатында өнөр жай жана эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү жана шарт түзүү.
- Энергетикалык көзкарандылыкты азайтуу жана улуттук өндүрүштү өнүктүрүү.
- Аялдар менен жаштардын ишкердигин колдоо.
- Эл аралык инвестициялар менен гранттары аркылуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу.
- Экология жана суу ресурстары
- Кыргыз Республикасынын жер жана суу ресурстарын коргоо.
- Сууну үнөмдүү пайдалануу жана кайра колдонуу системасын өнүктүрүү.
- Альтернативдик энергия булактарын өнүктүрүү.
- Айыл чарбасында жана кайра иштетүү өнөр жайында экологиялык жактан таза технологияларды колдонуу.
3. Жыйынтык
Мен Жогорку Кеңештин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасынын орун басары катары иштеп жатып, өлкөнүн инфраструктурасын өнүктүрүү, транспорттук байланыштарды жакшыртуу жана курулуш тармагын өнүктүрүүгө багытталган бир катар иштерди жүргүздүм. Мындан ары да өлкөбүздүн ар бир жаранынын жашоо деңгээлин жогорулатууга, экономиканы чыңдоого жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган мыйзамдар менен демилгелерди ишке ашырууга даярмын.