СУБАНОВ АЙБЕК МАНАСБЕКОВИЧ

Мен, Субанов Айбек Манасбекович, 1979-жылдын 13-ноябрында Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында мамлекеттик кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм.

 

1986–1996-жылдары Дөң-Арык айылындагы Калча атындагы орто мектепте билим алдым.

1996-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетине тапшырдым.

2000-жылы «Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо» багыты боюнча билимимди аяктап, бакалавр даражасын алдым.

 

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясына «Эл аралык мамилелер» адистиги боюнча окууга кирип,

2014-жылы кызыл диплом менен артыкчылык менен аяктап, магистр даражасын алдым.

 

2001–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик күзөт кызматында инспектор болуп иштегем (наамы: лейтенант).

2004-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Германия Элчилигинде жергиликтүү кызматкер болуп иштейм.

 

2022-жылдын 5-ноябрында Ленин району боюнча Биринчи Элдик Курултайдын делегаты болуп шайлангам.

2023-жылдын 24-январында ошол эле райондон Биринчи Элдик Курултайдын координатору болуп шайландым.

2023-жылы Экинчи Элдик Курултайдын делегаты,

ал эми 2024-жылы Үчүнчү Элдик Курултайдын делегаты болуп шайланып, делегаттардын атынан жумушчу тобуна кирдим. 

 

Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.

Кыргыз, орус жана немис тилдеринде эркин сүйлөйм.

Эч кандай партиянын же уюмдун мүчөсү болгон эмесмин.

 

Тартипти, жоопкерчиликти жана тактыкты жакшы көрөм. Ар бир ишти так, ак ниет жана жогорку жоопкерчилик менен аткарууга умтулам.