- Жалпы элдик тазалануу
- Касиеттүү жерибизди таштандылардан тазалоо;
- Мамлекетибизде мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды контролго алуу;
- Мамлекеттик органдарда ачык бюджет жана элдик көзөмөл системасын киргизүү;
- Улуттук идеология (унгу жол) тартип жана тарбия
- Улуттук идеологиябызга:“ Кыргыз жараны, элин, сатпайт, жерин сатпайт, намысын сатпайт добушун сатпайт”, - деп кошумча жазып, Улуттук идеологиябыздын негизинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Идеологиябыздын негизинде шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү. Элге бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жол ачуу. Адилеттүүктү орнотуу;
- Мектептерде жана ЖОЖдордо адеп, патриоттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча программаларды киргизүү;
- Мугалимдердин жана тарбиячылардын статусун жогорулатуу, эмгегин татыктуу баалоо;
- Коомдук жайларда тартипти жана маданиятты сактоо боюнча жарандык жоопкерчиликти күчөтүү;
- Жарандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна кам көрүү
- Тамак аш коопсуздугу, элибиз кандай тамактанып жатканын текшерип, тамак аш сапатын жогорулатуу;
- Ар бир айылда медпункт жана санитардык кызматтарды жакшыртуу;
- Жаштар жана балдар үчүн спорт аянтчаларын жана ден соолук борборлорун көбөйтүү;
- Коопсуздук системасын өркүндөтүү: видеокөзөмөл, жол коопсуздугу жана тез жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттыруу;
- Курултай институтун бекемдөө
- Элдин үнүн угуу үчүн жергиликтүү курултайларды үзгүлтүксүз өткөрүү;
- Курултайдын чечимдерин мыйзам деңгээлине чыгарып, алардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмин түзүү;
- Ар бир жаран саясий процесске катыша ала турган ачык диалог маданиятын өнүктүрүү;
- Жоопкерчиликти жогорулатуу
- Мамлекеттик кызматкерлер үчүн жеке жоопкерчилик жана этика кодексин күчөтүү;
- Элдин ишенимин жоготкон атка минерлерди кызматтан четтетүү боюнча мыйзамдык демилгелер;
- Ар бир чечим боюнча жыйынтык жана отчет берүү маданиятын киргизүү;
- Мамлекетке улутка каршы иштеген мыйзамдарды учурунда колдогон аткаминерлерди люстрация кылуу;
- Ынтымакты бекемдөө
- Уруу, тил, аймак деген айырмачылыктарга карабай биримдикти жана боорукерликти колдоо;
- Коомдук иш-чаралар, маданий жана эл аралык долбоорлор аркылуу элди жакындаштыруу;
- Үй-бүлө институтун жана коңшулук мамилени чыңдоо;
- Жаштарга татыктуу билим, жана жумуш орун
- Жаш адистер үчүн жергиликтүү стажировкаларды жана иш орундарын түзүү;
- Кесиптик окуу борборлорун жана IT билим берүү долбоорлорун ачуу;
- Кадр даярдоодо азыртадан 10 жылга эрте ойлонуп чыгаан уул кыздарды мамлекеттик кызмат өтөөгө даярдоо;
Жогорудагы көрсөтүлгөн иштерди аткарууга болгон энергиямды, акылымды, күчүмдү жана билимимди жумшаганга даярмын.