НАМАЗОВА БУРУЛ ТИЛЕКОВНА

Намазова Бурул Тилековна 1979-жылы Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн, улуту кыргыз, жогорку билимдүү.

Мамлекеттик кызматта иштеген жалпы стажы 24 жылдан ашты, “Мамлекеттик кызматтын I-класстагы кеңешчиси” ченинин ээси. 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланган.