• «Бактылуу эне -дени сак улуттун кепилдиги». Күчтүү, өнүккөн жана келечеги кең мамлекетти куруу энелерибизге кам көрүүдөн, үй-бүлөнү колдоодон башталат. Энелердин бактысы жана ден соолугу — улуттун туруктуу өнүгүүсүнүн ишенимдүү пайдубалы. Андыктан, мен «Энелерди финансылык колдоо жөнүндө» мыйзам долбоорун демилгелейм. Бул декреттик өргүүдөгү энелерге баласы алты айга толгонго чейинки мезгилде алардын орточо айлык эмгек акысынын толук өлчөмүн сактоо жана төлөп берүү механизмин камтыйт. Ошондой эле энелердин финансылык туруктуулугун камсыз кылууга жана эң маанилүү мезгилде балага кам көрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
  • Майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү. Майыптыгы бар балдарды, анын ичинде аутизм спектри бузулган балдарды медициналык жактан текшерүү жана дарылоо үчүн жеңилдетилген шарттар түзүлөт. Реабилитациялык борборлорду ачууга жана инклюзивдик билим берүү программаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат, бул медициналык жана билим берүү кызматтарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.
  • Акысыз медициналык текшерүү. Ден соолук — бул эң негизги байлык жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн кепилдиги. Мен бардык жарандарды жыл сайын милдеттүү түрдө акысыз медициналык кароодон өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун демилгелейм. Мында жүрөк-кан тамыр ооруларын жана онкологиялык ооруларды эрте стадияда аныктоого өзгөчө басым жасалат. Бул демилге ооруларды алдын алууга жана жарандардын өмүрүн узартууга өбөлгө түзөт.
  • Туризм секторун өнүктүрүү. Кыргызстан кайталангыс жаратылышы жана бай тарыхы бар өлкө. Жаратылыш ресурстарын сактоого жана жергиликтүү жамааттарды колдоого, тейлөө сапатын жакшыртууга, жаңы туристтик каттамдарды түзүүгө жана өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү үчүн сапаттуу жана туруктуу туризмди өнүктүрүү боюнча чаралар сунушталат.
  • Жол коопсуздугун камсыздоо — ар бир жарандын өмүрүн коргоо. Мен Ысык-Көл облусунун айланасындагы калктуу конуштардагы инфраструктураны толук жаңыртууну сунуштайм. Ал үчүн жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү, заманбап жол чырактарды жана жол белгилерди толук орнотуу зарыл. Ошондой эле эл көп жүргөн жана кооптуу делген жерлерге жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз эстакадаларды (жер үстүндөгү өтмөктөрдү) куруу заман талабы. Жыл сайын туристтердин жана эс алуучулардын саны өсүп жатканына байланыштуу бул чаралар өзгөчө актуалдуу болуп саналат.
  • Коомдук транспорт. Ысык-Көл районундагы ички каттамдагы коомдук транспорт тутумун жакшыртууга көңүл буруп, жайкы сезондо гана эмес, жыл бою иштей турган экологиялык жактан таза электр транспортун ишке киргизүүнү демилгелейм.
  • Кесиптик окуу жайлардын студенттерине стипендия. Бүгүнкү күндө эмгек рыногунда ширетүүчү, электротехник, курулушчу, IT ж.б. тажрыйбалуу адистерге суроо-талап көп болуп келет. Бул кесиптер автоматташтыруу жана жасалма интеллект тез өнүгүп жаткан шартта да актуалдуу бойдон кала берет. Ошондуктан окууда жогорку жетишкендиктерди көрсөткөн таланттуу студенттер үчүн дем берүүчү гранттар жана стипендиялар системасын киргизүүнү сунуштайм. Бул чаралар экономиканын негизги тармактарын тажрыйбалуу кадрлар менен камсыз кылууга көмөктөшөт.
  • Ата мекендик өндүрүштү колдоо. Кыргызстанда өндүрүлгөн продукцияларды (сүт, жүн, эт, мөмө-жемиш ж.б.) кайра иштетүүчү ишканаларга салык боюнча жеңилдиктерди караган мыйзамдарды сунуштайм. Бул ички кошумча наркты жогорулатууга, жумушчу орундарды түзүүгө жана айыл чарба тармагын чыңдоого шарт түзөт.
  • Экологияны коргоо боюнча чараларды күчөтүү. Экологиялык мыйзам бузуулар үчүн жазаны күчөтүү сунушталат. Атап айтканда, жээктерди мыйзамсыз өздөштүрүү, саркынды сууларды көлгө агызуу, көлдөрдү жана башка суу объектилерин булгагандыгы үчүн жазаны күчөтүү керек. Мындай чаралар жаратылыш ресурстарын коргоо жана келечек муундарыбыз үчүн экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн зарыл.
  • Шаар куруу реформасы. Шаар куруу жөнүндө жаңы кодекстин долбоорун иштеп чыгам. Учурда курулуш ченемдери ар кандай мыйзам актыларында жазылып калгандыктан, жарандарга жана инвесторлорго мыйзамдарды түшүнүү жана колдонуу оңой эмес жана кыйынчылыктарды жаратат. Жаңы кодексте көп кабаттуу үйлөрдү жана жеке турак-жайларды куруу боюнча түшүнүктүү жана заманбап ченемдер жана талаптар камтылат. Ошондой эле жарандардын курулушка үлүштүк катышуу эрежелери так аныкталат. Мындан тышкары, энергияны үнөмдөөчү имараттарды куруу үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн чатырына күн панелдерин орнотуу боюнча жаңы талаптар сунушталат.