АСАНКУЛОВА АЛТЫНАЙ ДЖОЛУЧУЕВНА

Мен, Асанкулова Алтынай Жолучуевна, Кыргыз Республикасында 1983-жылдын 31-майында туулгам.

Эки жогорку билимим бар:

  • Кыргыз-Россия Славян университетинин экономика факультети, адистиги - «Экономикалык теория» (2000–2005-жылдар);
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, юридикалык факультети, адистиги - «Жарандык укук» (2003–2014-жылдар).

Эмгек жолумду 2006-жылы ОАО «Оптима Банк» компаниясынан иштеп баштадым. Ал жерде стажерден баштап, чакан жана орто бизнес кредиттөө секторунун башчысына чейин жогоруладым.
2010-2011-жылдары банкта мыкты кызматкер катары таанылдым.
2013–2018-жылдары ОАО «Росинбанк» компаниясында чакан жана орто бизнести сатуу боюнча аймактык менеджер болуп иштедим. Бул кызматта аймактык портфелдин олуттуу өсүшүнө жана филиалдык тармактын өнүгүүсүнө салымымды  коштум.

2018–2022-жылдары ОАО «Халык Банк» компаниясында чакан жана орто бизнес кредиттөө башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматын аркаладым.

Чакан жана орто бизнестин кредит продуктуларын өнүктүрүү жана ишкерлер менен өз ара байланыштарды камсыз кылуу үчүн жооптуу    кызматты аркаладым.
2019-жылы банк системасын өнүктүрүүгө кошкон чоң салымым үчүн Кыргыз Банктар Союзу тарабынан “Ыраазычылык каты” менен сыйландым.
2022-жылдын июнь айынан тартып ОАО «Бакай Банкта» эмгектенип келдим.
Микро жана чакан бизнес кредиттөө башкармалыгын жетекчиси, андан кийин кардарларга багытталган продукттарды иштеп чыгуу департаментинин жетекчиси болуп эмгектендим .
2024-жылдан бери ESG (туруктуу өнүгүү) өнүктүрүү офистин директору болуп иштеп жатам. Бул кызматта мен туруктуу өнүгүү стратегиясын жүзөгө ашыруу, экологиялык жана социалдык стандарттарды киргизүү, ошондой эле жашыл жана социалдык долбоорлор үчүн эл аралык каржылоону тартуу боюнча жооптуумун.

Турмушка чыкканмын, төрт баланы тарбиялайм. Үй-бүлө мен үчүн колдоо жана шыктандыруунун булагы болуп саналат. Күчтүү үй-бүлө туруктуу коомдун жана жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоонун негизи деген пикирдемин. Эмгегимде үй-бүлөнү, энени жана балдарды коргоо маселелерине, ошондой эле жаш муундун гармониялуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурам.