Миссия:
Ысык-Көл аймагы — Кыргыз Республикасынын эң келечеги кең аймактарынын бири болуп саналат. Бул аймакта бир нече тармактык секторлорду өнүктүрүүгө  мүмкүнчүлүгү жогору жана ал өлкөнүн экономикалык жыргалчылыгынын тең салмактуу өнүгүшүнө шарт түзөт. Максаттар:
Биздин негизги максатыбыз — Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу органын түзүүдө Ысык-Көл облусунун тургундарынын кызыкчылыктарын коргоо, аткаруу бийлигинин ишинин сапатын көзөмөлдөө жана каржы ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүү аркылуу аймактын мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү.

Менин талапкерлигим — Ысык-Көл облусундагы ар бир үй-бүлөнүн жашоо сапатын, коопсуздугун жана жыргалчылыгын жакшыртууга кепил боло алат. Бул менин экономика тармагындагы жогорку компетенциям жана жарандык укуктарды коргоо жаатындагы тажрыйбам аркылуу ишке ашат. Максатым - аймактынкайталангыс табигый чөйрөсүн сактап, Ысык-Көлдү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчүнө айландыруу.

Бул максатка жетүү үчүн - инфраструктуралык долбоорлорду алдыга жылдыруу жана аймактын негизги тармактарына инвестиция тартууга жетишүү.

  1. Экономикалык өнүгүү жана жеке ишкердикти колдоо

Максат:
     Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, ички туризмди жайылтуу жана Ысык-Көл аймагына инвестиция тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Негизги чаралар:

  • Аймактын географиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкан жеңилдетилген насыя программаларын киргизүү;
  • Ысык-Көл облусунда ишкерлерди жана стартаптарды,жаңы бизнес долбоорун колдоо боюнча Аймактык борборлорду түзүү;
  • Бизнес каттоодогу административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана иш жүргүзүү процессин жөнөкөйлөштүрүү;
  • Финансылык институттар жана инвесторлор менен өнөктөштүктү өнүктүрүү;
  • Кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү жана “Made in Issyk-Kul” деген ишенимдүү брендди түзүү.

 

  1. Айыл чарба жана фермерлик чарбалар

Максат:
Аймактык кооперацияны колдоо, энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу жана продукцияны сактоо менен сатууга ылайыктуу инфраструктураны түзүү аркылуу Ысык-Көл облусунда айыл чарба секторун туруктуу, кирешелүү жана заманбап нукта өнүктүрүү, айыл тургундарынын кирешесин жогорулатуу.

Негизги чаралар:

  • Айыл чарба секторунун түшүмдүүлүгүн жана өсүмдүк өстүрүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн агрардык секторду өнүктүрүү институтун түзүү;
  • Айыл чарба процессинин болжолдуу анализин жүргүзүү, керектүү каражаттарды өз убагында камсыз кылуу жана бөлүштүрүү, ошондой эле продукцияны чогултуу, сактоо жана сатуу процессин көзөмөлдөө;
  • Жемиш-жашылча продукцияларын сертификациялоочу мамлекеттик компанияларды түзүү;
  • Жогорку тоолуу аймактардагы эт-сүт кооперативдерин колдоо –субсидия аркылуу техника жана жабдууларды сатып алууга жеңилдетилген кредиттерди берүү;
  • Фермерлерди заманбап чарба жүргүзүү ыкмаларына жана маркетингге үйрөтүүчү "Агростарт" билим берүү программасын ишке киргизүү;
  • "Жашыл дыйканчылыкты" жана сууну үнөмдүү пайдаланууну колдоо;
  • Айыл чарбадагы жоготууларды камсыздандырууга мүмкүндүк берген мамлекеттик агрардык камсыздандыруу системасын киргизүү.

 

 

 

  1. Адамдык капиталды жана социалдык коомду өнүктүрүү

Максат:
Жаштардын өз потенциалын ишке ашыруусуна жана аймактагы адамдык капиталды өнүктүрүүгө шарт түзүү.

Негизги чаралар:

 Эл аралык билим берүү студенттик шаарчасын түзүү;

  • Жеңил атлетика жана кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн бийик тоолуу аймактагы машыгуу базалары менен бирге регионалдык "Спорт кампусун" куруу;
  • Эл аралык университеттердин учурдагы филиалдарынын негизинде "Санариптик университеттик кластерди" түзүү, виртуалдык лабораториялар жана жаштар үчүн коворкинг-аймактарды уюштуруу;
  • Аялдардын экономика менен саясатка катышуусун кеңейтүү, алардын укуктарын коргоо жана тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
  • Социалдык жактан аяр жана бардык катмарды камтыган калк катмарын колдоо жана өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу.
  1. Экология жана аймактын туруктуу өнүгүүсү

Максат: Ысык-Көл көлүн жана анын айланасындагы экосистеманы келечек муундар үчүн сактап калуу, туризм менен жаратылыштын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылуу.

Негизги чаралар:

  • Ысык-Көл көлүнүн жээк аймактарында суунун сапатын автоматтык түрдө көзөмөлдөө системасын киргизүү жана саркынды сууларды тазалоону экологиялык жактан таза ыкмалар менен жүргүзүү;
  • Көлдүн жээгиндеги бардык аймактарда канализация жана тазалоо курулмаларын модернизациялоону жыйынтыктоо;
  • "Акылдуу" суу жана электр эсептегичтерин орнотуу, коммуналдык маселелерди ыкчам чечүү үчүн мобилдик портал түзүү;
  • Улуттук экологиялык стандарттарга жооп берген, сертификатталган эко-маршруттарды жана чакан конок үйлөрдүн тармагын түзүү;
  • Жайыттарды сактоо, сел коркунучтарын алдын алуу жана сууну чогултуу аркылуу сугат жерлерди натыйжалуу пайдаланууга багытталган мигитациялык иш-чараларды күчөтүү.
  1. Ачык-айкындуулук жана башкаруулук

Максат:
Жарандардын бийликке болгон ишенимин жогорулатуу жана мамлекеттик чечимдердин ачык-айкын  болушун камсыз кылуу.

Негизги чаралар:

  • "Ачык бюджет" жана жергиликтүү органдардын чыгымдарын онлайн көзөмөлдөө системасын киргизүү;
  • "Ачык терезе" жана депутаттардын электрондук петицияларды кабыл алуу менен отчеттуулугун онлайн көзөмөлдөө;
  • Акимиаттарда жана райондордун мекемелеринде жамааттык кеңештерди түзүү.

Жыйынтыктап айтканда, сиздерге 20 жылдык башкаруу тажрыйбамды пайдаланып, заманбап чакырыктарга жооп берген жана Ысык-Көл облусу менен Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын кызыкчылыгын коргогон мыйзамдар базасын түзүүгө даяр экенимди билдирем.