МУРАТБЕКОВ ТАБЫЛДЫ МУРАТБЕКОВИЧ
1994-жылы 10-ноябрда Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 2012-2016-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.
2016-2017–жылдары Шанхай Кызматташтык Уюмунун окутуу программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын СУАР аймагындагы Синь-Цзянь педагогикалык университетинде Регионалдык саясат багыты боюнча билимин уланткан.
Эмгек ишмердүүлүгү:
- 2017-2019-жылдары – “Ыйман” фондунда долбоор боюнча координатор;
- 2019-2020-жылдары – “Элистан” балдар борборунда кызматкер;
- 2020-2021-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы;
- 2021-2022-жылдары - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун жардамчысы, кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн адиси;
- 2022-2023-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын консультанты;
- 2023-2024-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы;
- 2024-2025-жылдары - Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик Баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
- 2025-жылдын 5-июнунан тартып “Ыйман Нуру” саясий партиясынын тизмеси боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
Билим берүү жана агартуу багытында иш алып барган “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун, “Аманат” жаш мамлекетчилдер мектебинин жана “Прогресс” коомдук бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири.
Υй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.