Мен, Муратбеков Табылды Муратбекович, Ысык-Көлдүн койнунда өскөн уулу катары, өз элимдин үнүн бийликке жеткирүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине талапкерлигимди коюп жатам. Бул кадам — жөн гана саясий амбиция эмес. Бул — өз жеримди, өз элимди сүйгөн жаш адамдын жоопкерчиликтүү чечими.

         Менин максатым — элдин үнүн угуп, сөз эмес, иш менен кызмат кылуу. Аймактагы ар бир көйгөй, ар бир зарылдык мага тааныш. Демек, мен сунуштап жаткан программа — куру убадалар эмес, жаштык дем менен элдин муктаждыгына ылайык иштелип чыккан реалдуу пландар.

         Жаштарга шарт түзүлсө, алар мекенден кетпейт. Ошондуктан, жаштар үчүн пайызсыз гранттар, мамлекеттик кызматтарга даярдык программалары, атайын стипендиялар менен айылдарга жаш кадрларды кайтаруу демилгесин көтөрүп жатам.

         Дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар, агрардык борборлор жана логистикалык инфратүзүмдөрдү түзүү — элеттин экономикасын көтөрүүнүн ачкычы. Сугат суу көйгөйү ар бир айылда бар. Бул маселени ирригацияны жаңылоо жана заманбап суу сактагычтарды куруу менен чечүүгө болот.

         Айылдарды өнүктүрүү — өлкөнүн келечеги. “Коопсуз жана жарык айыл”, “Бир айыл – бир сейил бак”, таза суу менен камсыздоо сыяктуу демилгелер аркылуу айылдагы жашоону жеңилдетүүгө, элдин жашоо сапатын көтөрүүгө умтулам. Иш менен камсыздоо, чакан ишканаларды ачуу, Түпкө шаар макамын берүү — булар региондун экономикалык өз алдынчалыгына салым болот.

       Билим берүү тармагында ар бир мектепте санарип класстар, жаңы бала бакчалар, ЖРТга даярдоо борборлору, китепканаларды жаңылоо — бул жаштардын билимге болгон мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Мугалимдерди колдоо — билимдин сапатын жогорулатуунун негизги жолу.

       Туризм жаатында төрт мезгил бою иштеген инфраструктураны өнүктүрүү, айыл туризмин колдоо, маданий мурастарды сактоо жана маданий мекемелерди жаңылоо — Ысык-Көлдүн потенциалын ачып, элге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет.

       Бул программанын ар бир сапы — элден угулган суроо, ар бир багыты — ишке аша турган максат. Мен эл менен бийликтин ортосунда чыныгы көпүрө болуп, убадамды ишке ашырууга даярмын. Себеби менин сөзүм — серт, убадам — иш.