ДЖУМАБЕКОВА АКЫЛСАЙРА КАДЫРАЛИЕВНА

: Ысык-Көл облусунун Түп районунан караштуу Талды-Суу айылында 1957-жылы туулгам.Орто мектепти аяктагандан кийин 1976-1980 жылдары Пржевальск Мамлекеттик педагогигалык институттун математика мугалими факультетин аяктадым. 1981-жылдан тартып 1994-жылга чейин Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов мектеп интернатында мугалим-тарбиячы болуп эмгектендим. 1994-жылдан экинчи кесибим боюнча 2010-жылга чейин энерго системасында бухгалтердик кесипти аркаладым. 2010-жылдан 2013-жылга чейин шайлоого катышуу жолу менен энерго системасында Чыгышэлет акционердик коомунда ревизор жана НЭСК акционердик коомунда директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайландым. 2008-жылдан 2016-жылга чейин эки чакырылыштын Каракол шаардык кеңешинин депутаты жана 2013-жылы Каракол шаардык кеңешинин төрайымы болуп шайландым. 2016-жылы Каракол шаардык мэриясынын вице-мэрлик кызматын аркаладым. 2022-жылы жана 2024-эылы Элдик курултайдын делегаты болуп шайландым. Ошондой эле 2024-жылы Элдик Курултайдын төрагасынын орун басарлыгына шайландым. Азыркы мезгилде бүгүнкү күнгө чейин 2020-жылдан тартып Каракол шаарындагы “Ирада” муниципалдык балдар үйүнүн жетекчиси болуп эмгектендим. Үй-бүлөлүмүн 6 баланын энеси жана 2 баланын опекунумун.