1. Депутат – эл өкүлү: Иш жүзүндөгү аныктама

Депутат элдин добушу менен келген, элдин үнүн, муктаждыгын, тагдырын бийликке жеткирүүчү инсан болушу керек.

Депутат иш жүзүндө ачык-айкын, эл алдында отчёт берип, чечимдерди элдин кызыкчылыгына жараша кабыл алышы зарыл.

Эл менен түз байланышта болуп, региондорду, айылдарды үзгүлтүксүз кыдырып, көйгөйлөрдү жеринен угуп, чечүү жолдорун иштеп чыгуу керек.

2. Кыргыз наркы жана улуттук баалуулуктарды калыбына келтирүү

Улуттук каада-салт, нарк-насил – кыргыз коомунун рухий негизи.

Мектептен баштап, ЖОЖдордо улуттук идеологияны, тарыхты, кыргыздын руханий мурастарын окутуу зарыл.

Салттуу маданиятты заманбап жашоо менен айкалыштыра алган улуттук моделди иштеп чыгуу.

3. Эне жана бала маселеси, миграция

Эне-баланын укуктары мамлекет тарабынан корголуп, социалдык колдоо көрсөтүлүшү шарт.

Миграцияга түрткү болгон себептерди жоюу: иш орундары, социалдык шарттар, коопсуздук.

Мигранттардын кайра кайтып келүүсү үчүн инфраструктура түзүп, аларды колдоо программасын ишке ашыруу.

4. Үй-бүлө маселесин мамлекеттин идеологиясы катары кароо

Үй-бүлө – улуттун пайдубалы. Аны бекемдөө үчүн мыйзамдык, экономикалык, маданий колдоо зарыл.

Жубайлар ортосундагы мамиле, ата-эне менен баланын ортосундагы байланыш – коомдун туруктуулугунун негизги элементи.

Жаштарды үй-бүлөлүк жашоого даярдоо үчүн билим берүү жана медиа аркылуу идеологиялык иштерди жүргүзүү.

5.  Жетим жана ата-энеси таштап кеткен балдардын келечеги — мамлекет менен коомдун биргелешкен камкордугу

Ата-энесинин кароосуз калган балдар (жетимдер, ата-энеси таштап кеткен же оор турмуштук кырдаалга кабылган балдар) үчүн атайын мамлекеттик социалдык жана финансылык колдоо программасын түзүү зарыл.

Балдар үйлөрүндө жана приюттарда тарбияланып жаткан ар бир балага ай сайын жөлөк пул төлөнсүн — 18 жашка чыкканга чейин.

Ар бир балага жеке банктык эсеп ачылат, жана жөлөк пул ошол эсепке которулат.

Бул эсептерге каалоосу бар жарандар, кайрымдуулук фонддору, мекендештер, ишкерлер жана чет өлкөдө жүргөн кыргыз диаспорасы да өз ыктыяры менен каражат которо алышат.

Бул эсептерден акча чыгарууга тыюу салынат, бала 18 жашка толгонго чейин. Айрым учурларда гана, эгер чукул муктаждык жаралса — баланын кызыкчылыгы үчүн, социалдык кызматтардын уруксаты менен пайдаланууга жол берилет.

18 жашка толгондон кийин бул каражат баланын өзүнө өткөрүлүп берилет жана жашоодо өз алдынча жол баштоо үчүн колдонулат — билим алуу, үй алуу, жеке иш баштоо же саламаттыкка байланыштуу муктаждыктарга.

Мамлекет бул системанын айкындуулугун, көзөмөлүн жана ар бир баланын эсеби боюнча отчёт берүүнү камсыздашы керек.

 

  1. Манас – улуттук аң-сезимдин булагы

"Манас" эпосу кыргыз элинин жогорку акыл-эси, рухий байлыгы катары атайын мамлекеттик деңгээлде жайылтылышы керек.

Манас таанууну мектептен баштап, бардык билим берүү системасына киргизүү.

"Ар бир жарандын Манас түшүнүгүн ойготуунун улуттук программасы" – бул идеологиялык реформа болушу мүмкүн.

 

7. Жеке кызыкчылык эмес, жамааттык жаратмандык

Коомчулук менен кеңешип, жамааттык чечимдерге негизделген өнүгүү моделин түзүү.

Менчиктешкен ишканалардын, жерлердин ачык аудитин жүргүзүү.

Эл байлыгын кайтарып алуу механизмин мыйзамдык жол менен камсыз кылуу.

8. Экономиканы жаратмандык жолго салуу

Көз карандылык эмес, ички мүмкүнчүлүктөргө таянган экономикалык саясат.

Аймактык өнүгүү, дыйкан чарбаларды, ишкерлерди мамлекеттик деңгээлде колдоо.

Кадрдык потенциалды жогорулатуу, адистерди даярдоо.

9. Коррупцияга каршы ачык жана элдик күрөш

Элдин акысын жегендердин бетин ачуу үчүн ачык, калыс тергөө, эл алдында отчёт берүү.

Ар бир уурулукка – реалдуу жаза.

Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо жана кайра кайтаруу механизмин түзүү.

10. Суу жана чек ара маселелери

Сууну – улуттук байлык катары сактап калуу, ага көзөмөлдү күчөтүү.

Чек араны дипломатиялык, кандуу эмес жол менен чечүү.

Коңшу өлкөлөр менен туруктуу диалог жүргүзүү.

11. Мигранттар үчүн шарт түзүү

Чет жактагы мекендештерди кайтаруу боюнча атайын мамлекеттик программа ишке ашырылышы керек.

Иш орундарын түзүп, адилет эмгек шарттарын камсыз кылуу.

Алардын тажрыйбасын, билимин өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттоо.