АСАКЕЕВ РИНАТ САПАРБЕКОВИЧ

Мен, Асакеев Ринат Сапарбек уулу, 1991-жылы 26-апрелде  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Чолпон айылында жумушчалырдын үй-бүлөсүндө төрөлгөм.

1997-жылы Чолпон айылынын мектебине биринчи класска кабыл алынгам. 2003-жылы Каракол шаарындагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицейине которулгам. Окуп жүргөндө химия сабагы боюнча облустук олимпиадага катышып, сыйлыкка ээ болгом.

2007-жылы үй-бүлөлүк жагдайларга байланыштуу кайра өз айылыбыздагы орто мектепке которулгам. 2008-жылы Утур Калиев атындагы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетине тапшырып, 2013-жылы инженер адистиги боюнча бүтүргөм.

2013–2016-жылдары жеке ишканаларда өндүрүш тармагында эмгектендим. 2016-жылдан бери жеке ишкер болуп, кийим тигүү жана өндүрүү менен алектенген ишкананы жетектейм.

Ишмердүүлүк жылдары ичинде башкаруу, жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүү жаатында тажрыйба топтодум.

Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын.

Кыргыз жана орус тилдерин билем.