- Жарандарды социалдык коргоо:
- Учурдагы базар бааларына жана жашоо шартына жараша жашоо минимумун жогорулатуу демилгесин көтөрүү,
- Минималдуу пенсияны реалдуу жашоо минимумуна байлоо.
- Келечекте инфляция жана баалардын өсүшүн эске алуу менен пенсияларды автоматтык индексациялоо системасын түзүү.
- Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү:
- Саламаттык сактоо тармагынын мыйзамдык базасын күчөтүү жана айылдык медициналык мекемелерди колдоону камсыз кылуу.
- Өкмөттүк деңгээлде оор, өнөкөт жана сейрек кездешүүчү оорулар менен жабыркаган балдарды — анын ичинде онкология, аутизм, ДЦП, сейрек кездешүүчү генетикалык жана тубаса патологиялар менен ооруган балдарды финансылык, медициналык жана психологиялык жактан толук колдоо системасын түзүү демилгесин көтөрүү.
- Ишкердикти колдоо жана жумуш орундарын түзүү:
- Региондордо жумуш орундарын түзүү жана ишкердикти өнүктүрүү максатында чакан жана орто ишканаларды колдоо жөнүндө мыйзам иштеп чыгуу, анда жөнөкөйлөштүрүлгөн салык системасы жана жеңилдиктер каралат.
- Ачыктык жана эл менен байланыш:
- Эл менен туруктуу диалог жүргүзүү, шайлоочулар менен жолугушууларды жана жеке кабыл алууларды уюштуруу.
- Жарандардын сунуштарын жана демилгелерин чогултуу үчүн онлайн-платформаларды түзүү, ошондой эле жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана аларга жооп берүү боюнча депутаттык көзөмөл механизмин ишке киргизүү.
- Ар бир маселе боюнча жыйынтык чечим чыкканга чейин көзөмөл жүргүзүү.