КАЧКЫНОВ САМАТ ТУРГАНБЕКОВИЧ
Мен, Качкынов Самат Турганбекович, 1987-жылы 29-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулгам. Эки жогорку билимим бар. 2004-жылы мектепти бүтүрүп, К.Тыныстанов университетте “Кытай таануу” адистигинде, андан кийин Бишкек Гуманитардык Университетинде окугам. 2009-жылы аны бүтүрүп, КР ТИМ алдындагы Дипломатиялык академиясында “Эл аралык мамилелердин” магистр даражасын алдым. Эмгек жолумду журналистика тармагында баштагам. 2010-жылы “Бешинчи каналда” кабарчы болуп иштеп, 2017-жылга чейин жооптуу редакторго чейин жеткем. 2018–2019-жылдары “Апрель ТВ” телеканалынын башкы редактору болуп, ошондон бери эркин журналист катары коомдук мааниге ээ темаларды чагылдырып келем.
Лозунг: Келечек үчүн аракет!