Менин программамдын негизги багыты — коомдун билим деңгээлин, медиа сабаттуулугун жогорулатуу жана өзүм айыл менен байланышын үзбөгөн адам катары элетти көтөрүү. Жогорудагыларга багытталган мыйзамдарды жазып, аткаруу бийлиги менен ушул багытта иш алып баруу. Анткени эл менен тыгыз иштешкен медиа коомчулуктун адамы катары айтылган багыттар боюнча көйгөйлөрдү жакшы билем.