ТҮМӨНБАЕВ АКЫЛБЕК ТОГУЗБАЕВИЧ
1972-жылдын 21-мартында Ысык-Көл областына каращтуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган;
Жогорку билимдүү;
2002-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” бөлүмүн аяктаган;
2014-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйканбаев атындагы дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамилелер” бөлүмүн аяктаган;
Эмгек жолун 1992-жылы “Дизайн” долбоорлорду каттоо кооперативинде катардагы кызматкер болуп баштаган;
1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат өтөгөн;
1995-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык инспекциясында катардагы кызматкер болуп иштеген;
1999-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында ыйгарым укуктуу опер кызматкери болуп иштеген;
2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Кемин райондук аймактар аралык бөлүгүнүн ыйгарым укуктуу опер кызматкери болуп иштеген;
2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полициясында кызмат өтөгөн;
2009-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык полициясында кызмат өтөгөн;
2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болгон;
2021-жылы №35 Ак-Суу райондук шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган;
“Элдик” депутаттык тобунун лидери.
Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Сыйлыктары:
Жумуштагы жогорку көрсөткүчү үчүн Мамлекеттик салык инспекциясынын грамотасы (1998-жылы).
Төш белгилери: “Шаң” (2006-жылы), “Мыкты кызматкер” (2007-жылы), “Күжүрмөн” (2009-жылы), “Мекенчил” (2009-жылы), “Мамлекеттик аудит отличниги” (2018-жылы).
Медалдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын үлгүлүү кызматкери III – даражадагы медалы” (2020-жылы), “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын үлгүлүү кызматкери I – даражадагы медалы” (2021-жылы), Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 1-даражадагы “Мыйзамдуулукту чыңдоого кошкон салымы үчүн” төш белгиси (2023-ж.); “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы (2023-ж.); Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Ардак грамотасы (2023-ж.); “ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы (2023-ж.); “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 100 жыл” юбилейлик медалы (2024-ж.);