“Элдин ишеними – менин күчүм!
Сиздин добушуңуз – менин жоопкерчилигим!”
“Ысык-Көл – ажайып мүмкүнчүлүктөр аймагы!”
- Экономика жана жумуш орундары.
Ишкерлер үчүн - “Бирдиктүү терезе”, кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу, жеңилдетилген кредиттер, Түп–Кеген жолу аркылуу чек ара соодасын жандандыруу, жашыл энергетика долбоорлору. - Туризм.
“Visit Issyk-Kul 2030” программасы, туристтик кластерлер, этно-айылдар, кышкы туризм, маданий фестивалдар, “Ысык-Көлдү тааны” бирдиктүү билет системасы (музейлер, коруктар, маршруттар). - Билим берүү жана жаштар.
Заманбап мектептер, IT жана туризм багытындагы колледждер, “Ысык-Көл жаштары” программасы, адистер үчүн социалдык үйлөр жана жатаканалар. - Үй-бүлөнү колдоо жана социалдык адилеттүүлүк.
Социалдык ипотека, көп балалуу үй-бүлөлөргө субсидиялар, жаштар жана балдар борборлору, “Ысык-Көл тургунунун социалдык картасы”, үй-бүлөнү бекемдөө жана зордук-зомбулуктун алдын алуу программасы. - Экология жана саламаттык.
Ысык-Көлдү коргоо, көлгө саркынды сууларды агызууга тыюу салуу, “Эко-парк”, жашыл транспорт, телемедицина, “Көл жээгиндеги спорт” долбоору. - Адилеттүү бийлик жана жарандардын катышуусу.
Ачык бюджет, “Элдик көзөмөл: Ысык-Көл” тиркемеси, “Лидерлер мектеби”, коррупцияга каршы маданият жана жарандардын активдүү катышуусу.
Урматтуу шайлоочулар!
Биз иштин жыйынтыгын көрсөттүк. Эми алдыда жаңы максаттар жана мүмкүнчүлүктөр бар.
Сиздин ишеним – менин жоопкерчилигим,
Сиздердин колдооңуздар – баарыбыздын келечегибиз!