КОКУЛОВ ЭРУЛАН КАЛЧОРОЕВИЧ
Мен, Кокулов Эрулан Калчороевич, 1986-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келгем. 1993-жылы Бишкек шаарындагы №38 гимназия мектебине кабыл алынгам. 2004-жылы аталган мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Кыргыз Улуттук университетинин "Экономист" адистигине тапшыргам. 2008-жылы аны ийгиликтүү аяктадым.
Мен 2009–2011-жылдары журналист жана укук коргоочу болуп, Алматы шаарында айдоочулардын укугун коргоп иш алып баргам.
Ошондой эле 2018–2021-жылдары "Не сахар" долбоорунун автору жана алып баруучусу болуп эмгектенгем.
2021-жылдан тарта Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланып келгем.