Мен, Кокулов Эрулан Калчороевич, Кыргыз Республикасынын жараны, өзүмдүн билимимди, тажрыйбамды жана күч-аракетимди элимдин, аймагымдын жана мамлекетибиздин өнүгүүсүнө арноо максатында, Жогорку Кеңешке 28-шайлоо округу боюнча өз алдынча талапкер болуп чыгып жатам.
Менин негизги максатым — элибиздин турмушун жакшыртуу, аймактык көйгөйлөрдү чечүү жана адилеттүү, ак ниет башкаруу системасын куруу.
Жемиштүү иштөө үчүн бизде жаштык, энергия, коомчулукта тажрыйба жана көптөгөн идеялар бар. Албетте, биздин пландарды ишке ашыруу үчүн сиздердин колдооңуздар керек. Бүгүн биз сиздерге шайлоо алдындагы программабыз менен кайрылып жатабыз, анын негизин биздин турмуштук жана кесиптик тажрыйбабыз, ошондой эле жашоочулар дайыма айтып келе жаткан көйгөйлөр жана сунуштар түзөт.
Менин негизги приоритеттерим:
1. Аймактык өнүгүү жана инфраструктура
 Жолдордун абалын жакшыртуу жана жаңы жолдорду курууга көмөктөшүү
 Аймактардагы таза суу жана жарыктандыруу маселелерин чечүүгө аракет кылуу
2. Билим берүү жана жаштар саясаты
 Жаштарга билим берүүдө сапатты жогорулатуу
 Жаштарды спортко, маданиятка жана технологияга тартуу
3. Саламаттык сактоо
 Аймактык ооруканалардын шарттарын жакшыртуусун көзөмөлгө алуу
 Калктын саламаттыгына байланыштуу алдын алуу программаларын ишке ашыруу
4. Ачык жана жооптуу мамлекеттик башкаруу
 Мамлекеттик органдардын ишин ачык-айкын жана элге түшүнүктүү кылууга умтулуу
 Бюджеттик каражаттардын сарпталышын көзөмөлдөө
 Эл менен түз байланышта иш алып баруу (элдик кабылдама, онлайн байланыш ж.б.)
Мен эмнеге убада берем:
 Элдин үнүн бийликке жеткирүүгө
 Ар бир жарандын укугу жана кызыкчылыгы корголушуна
 Кыргыз Республикасынын жарандарынын көйгөйлөрүн Жогорку Кеңештин трибунасынан көтөрүүгө
 Шайлоочулар менен тыгыз байланышта болууга