КЕМЕЛОВ АКЫЛ КАНАТБЕКОВИЧ

Мен, Кемелов Акыл 1985-жылдын 4-декабрында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында төрөлгөм. Улутум кыргыз. Үй-бүлөлүүмүн, төрт баланын атасымын.

Орто мектепти Бөкөнбаев айылындагы Жолоочу Алтымышбаев атындагы жана Бишкек шаардык №74- мектептеринде билим алганмын.

2007-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин «Жол кыймылын уюштуруу жана коопсуздук» адистиги боюнча аяктаганмын. 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан менеджмент багыты боюнча магистр даражасын алганмын.

2023-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүтүрүп, юриспруденция боюнча магистр даражасын алдым.

Эмгек ишмердигимди 2002-жылы Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынан баштагам. Андан кийин «Альфа Телеком» ААКсында иштеп, коопсуздук кызматкеринен баштап, башкы директордун орун басарынын кеңешчилик кызматын аркаладым.

2016-жылы Ысык-Көл облусунун «Эр таймаш» федерациясын жетектедим.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайландым.

2022-жылдан 2025-жылдын августуна чейин «Жамияти Ассалам Лил Аль Амаал Аль Инсаният Вал Хайрия» эл аралык кайрымдуулук фондунун вице-президенти болуп иштедим.

Башкаруу жана коопсуздук маселелери боюнча эл аралык семинарларга жигердүү катыштым.

Жогорку Кеңештин ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясынын Ардак грамоталары жана «Кеменгер» төш белгиси, райондук мамлекеттик администрациялардын Ардак грамоталарын ээсимин.

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл жана Күн-Чыгыш айыл өкмөттөрүнүн Ардактуу атуулу наамы ыйгарылган.

Кыргыз, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм.

Мындан сырткары,  балачактан бери  спорт менен активдүү алектенип келем. Кыргыз Республикасынын улуттук спорту болгон «Кулатуу» боюнча спорттун чеберимин. 2006-жылы Азия чемпиону болдум (Самбо боюнча).

Спорт мага эрк, тартип жана жеңишке умтулуу сыяктуу сапаттарга тарбиялады — бул сапаттарды мен коомдук ишмердигимде да колдонуп келем.

Спорт менен дени сак жашоо образын өнүктүрүү — жаш муунду тарбиялоонун маанилүү бөлүгү- деп эсетпейм.