Аймактык экономикалык өнүгүү
Негизги максаттарымдын бири — күчтүү аймактык экономикалык шарттарды түзүү. Чакан жана орто бизнести колдоону, айыл чарбасын жана кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүнү, айыл чарба тармагына заманбап технологияларды киргизүүнү жана аймактардын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү жактайм.
Айрыкча көңүл экологиялык коопсуздукка, туризмге жана табигый ресурстарды акылдуу пайдаланууга бурулат. Ички туризмди өнүктүрүү, экологиялык жактан таза өндүрүштөрдү колдоо жана өлкөнүн жаратылыш байлыктарын сактоо — Кыргызстан үчүн туруктуу келечектин негизи.
Инновациялык айыл чарбасын өнүктүрүү
Мамлекеттик көзөмөл алдында экологиялык жактан таза, экономикалык жактан пайдалуу жана коопсуз айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүнү колдоо. Өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, кайра иштетүүгө жана айыл чарба продукциясын экспорттоого шарт түзүү — жаңы жумуш орундарын жана аймактын туруктуу өнүгүшүн камсыздай алат.
Маданият жана улуттук мурас
Маданий баалуулуктарды жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо — менин программамдын маанилүү бөлүктөрүнүн бири. Элибиздин руханий биримдигин бекемдөө үчүн чыгармачыл демилгелерди, элдик кол өнөрчүлүктү, маданий борборлорду жана жаштар долбоорлорун колдоо зарыл.
«Карысы бардын – ырысы бар» - демекчи, улгайган жогорку муундун өкүлдөрүн кадырлап, сый- урмат көрсөтүү менен алардагы улуттук асыл баалуулуктарды жаштарга көндүм катары үйрөтүп калтыруу.
Билим берүү жана жаштар
Жеткиликтүү жана сапаттуу билим берүүнү өнүктүрүү, заманбап окутуу программаларын киргизүү, таланттуу жаштарды колдоо жана кесиптик багыт берүү программаларын өнүктүрүү.
Спорт жана дени сак жашоо образы
Ар бир аймакта массалык спортту өнүктүрүүгө тилектешмин. Спорттук мектептерди, короо аянтчаларын, ата-энелердин жана машыктыруучулардын демилгелерин колдоо — элдин ден-соолугу менен күчүнүн кепилдиги- деп эсептейм.
Үй- бүлөнү социалдык жактан туруктуу колдоо
Айрыкча көңүл балдардын, аялдардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн укуктарын коргоого бурулат. Мамлекет ар бир жаранга социалдык колдоо көрсөтүүгө, жеткиликтүү медициналык тейлөөнү камсыз кылууга жана элди мыйзамсыздык менен коррупциядан коргоого милдеттүү.
Келечек муундар үчүн коопсуз экология
Айлана-чөйрөнү коргоо — бул биздин балдарыбыздын саламаттыгын жана келечегин коргоо. Кыргызстандагы Эко системанын жакшы жакка өзгөрүүсүнө багытталган программаларды киргизүүнү демилгелейм.