ИСМАИЛОВ МУРАТБЕК КУБАНЫЧБЕКОВИЧ
Исмаилов Муратбек Кубанычбекович 1984-жылы 17-августта мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Исмаилов Муратбек көбүнчө чоң атасы, Кыргызстанда прокуратурага эмгек сиңирген кызматкер Искак Исмаиловдун тарбиясын алып чоңойгон. Жогорку билимди экономика илимдери боюнча алган. Кыргыз-Түрк «Манас», Ж.Баласагын атындагы Улуттук Университетинин жогорку билим тууралуу дипломдоруна ээ.
Исмаилов Муратбек эмгек жолун 2005-жылы банк жана каржы сисемасында баштап, карьерасында Борбор Азия мамлекеттеринде (Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан) тажрыйба топтогон. «ИККО Кооперейшн» (Голландия) уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү жана Утрехт шаарында (Голландия) «Агробизнес инкубаторунун» ишкердикти өнүктүрүү боюнча менеджери болуп эмгектенген. 2014-жылы «Fair and sustainable development solutions” (ФСДС) коомдук фондун түптөп, ушу тапта анын аткаруучу директору.
Талапкер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Экономика жана Айыл чарба министрлигинин ардак грамоталары менен сыйланган.
Муратбек Исмаилов үй-бүлөөлүү, эки кыз, эки уулдун атасы.