Талапкер тууралуу маалымат
Исмаилов Муратбек Кубанычбекович 1984-жылы Жети-Өгүз районунун Тосор айылында төрөлгөн. Экономикалык илимдеринин Магистри. Коммерциялык банктар, каржы жана коомду өнүктүрүү тармактары боюнча эксперт. ФСДС коомдук фондунун негиздөөчүсү жана директору.
Негизги жетишкендиктери:
- Кыргызстандын 80 айылында таза суу системаларын жакшыртуу аркылуу элге таза суу ичүүгө өбөлгө түзгөн. Бул айылдардын 38 айылы Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол шаарында.
- Карапайым, айыл элин ишкердикке шыктандырып 1 000 ден ашык чакан жана орто бизнестин ачылышына түздөн-түз көмөк көрсөткөн.
- Чакан ишкердикти колдоо аркылуу айыл эли арасында 4 000 ден ашык жумуш орундарын түзүүгө жетишкен.
- Өлкөбүз боюнча 2 500 ден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана алардын ата-энесине жардам берген.
Талапкер Жогорку Кеңештин, Экономика Министрлигинин жана Айыл-Чарба министрлигинин ардак грамоталарынын ээси. Тосор Коому коомдук уюмунун уюштуруучуларынын бири жана учурдагы төрагасы.
Үй-бүлөлүү, эки уул жана эки кызды тарбиялайт.
“Шаарларыбыз менен айылдарыбыздын өнүгүшү, жашообуздун сапаттуу болушу жана балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн ар бирибиз милдеттүүбүз»
Муратбек Исмаилов
Исмаилов Муратбек ишмердүүлүгүндө төмөнкүлөргө басым жасайт:
Туризм
- Туризм үчүн жер жана уруксат алуунун жолдорун жана салыкты жеңилдетүү.
- Массалык туризмден сапаттуу туризмге өтүү. Көлдүн тескей жээгин Кыргызстанда этно-эко, нукуралыкка таянган туризмдин борбору кылуу.
- Учурда Европа өлкөлөрү менен түз аба каттамдар жок, максат 2 түз аба каттамын түзүү
- Туризм үчүн жеңилдетилген каржылоону киргизүү. Бүгүнкү каржылоо 24%, максат 12%га түшүрүү.
- Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы ар бир туристтик дестинацияларга чейинки жолдорду оңдотуу.
Таза суу
- Жети-Өгүз жана Тоң райондору боюнча 77 айыл бар. Анын ичинен 10дой айылда таза суу жок, 36 айылда суу жетпейт, болгону 16 айыл таза суу толук берилет. Кийинки беш жылда, баардык айылдарды таза суу менен камсыздоо негизги максатыбыз.
- Таза суу системасын курууу жана иштетүү механизми чала, 2005 жана 2010 жылдардагы таза сууну реабилитациялоо туура эмес жүргүзүлгөн. Таза Суу СООППВнын эмес, мамлекеттин көзөмөлүндө болуп, эл ичкен суунун гана акысын төлөп, сууну оңдоо же курууга убакыт жана каражатын коротпош керек.
- Жаңы конуштарда жер тилкелери бериле электен мурун, биринчи кезекте негизги коммуникациялар (таза суу, электр жарыгы жана жол) курулушу керек, муну мыйзам менен бекитип, көзөмөлгө алуу.
Кичи жана Чакан Ишкердик (КЧИ)
- Кичи жана чакан ишкердикти колдоо аркылуу ички дүң продукцияга (ИДП) салымын 43,6%дан 55%га чейин көтөрүү.
- Ар бир район борборуна кичи жана чакан ишкердикти тейлөө борборлорун ачуу.
- Мамлекеттик буюртмалардын 30% кичи жана чакан ишканаларга берүү зарыл.
Билим берүү
- Билим берүү кесибиндегилерге мамлекеттеги эң жогорку айлык берилиши керек;
- Окуучулардын таланты жана чеберчилигине артыкчылык берүү зарыл;
- Окуучуларыбыз учурдун талабына чооп бериши үчүн сынчыл ой жүгүртүү, каржы жана экономика, компьютердик программалоо сыяктуу жаңы сабактарды киргизүү зарыл;
Айыл чарба
- Асыл тукум малдын саны жалпы малдын 1% түзөт, бул көрсөткүчтү 10%га жогорулатуу зарыл;
- Жайыттарды келечек муунга сактап өткөрүп берүү үчүн, туура жана аярлуу иштетүү программасын киргизүү зарыл;
- Сапатуу көчөт жана жаңы технологияларды колдонуу аркылуу багбанчылыкта бир гектар жерден 1 200 000 -1 300 000 сом киреше табууга жеткирүү;
- Айыл чарба продукцияларын чийки сатпай, кайра иштетип сатууну колдоо;
Социалдык коргоо
- Социалдык төлөмдөрдүн (пенсия, пособия) баанын өсүшүнө жараша өзгөрүп туруусу керек;
- Төлөгөн социалдык салымдардын жана төлөмдөрүн ачык айкындыгын камсыздоо;
- Бир гана пенсия же пособия бербей, социалдык жеңилдиктерди, медициналык жардам алууну, турак-жайга жетүүнү камтыган муктаждыктардын комплекстүү чечүү керек;
Саламаттык сактоо системасы
- Элдин ден-соолугун дарыга байлап, аптекаларды байыткан системаны бузуп, оорулардын алдын алууга багытталган иш чараларды күчөтүү зарыл;
- Райондук деңгээлдеги диагностикалык жана жатып дарылануучу жайлардын сапатын жакшыртуу