ТҮЛӨБАЕВ БАЛБАК ЗАРЛЫКОВИЧ

Мен 1972-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулгам. Билим алууну Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде баштагам, анда 1990–1992-жылдары ветеринардык факультетте окугам. 1992-жылы Түркиянын Стамбул университетине өтүп, 1997-жылы токой чарба факультетин ийгиликтүү аяктап, инженер кесибине ээ болдум. 2001-жылы Скрябин атындагы университеттен инженер-эколог адистиги боюнча, ал эми 2009-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынан менеджмент багытында бакалавр даражаларын алгам.

Эмгек жолум 1996-жылы “Корис Интернейшнл” француз-түрк камсыздандыруу компаниясында КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн кызматкери катары башталган. Андан кийин 1997–2000-жылдары Өкмөттүн алдындагы Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде директордун жардамчысы болуп иштедим. 2000–2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттын жардамчысы болуп, ошол эле учурда Өндүрүш жана бизнести өнүктүрүү комитетинде консультант катары иш алып бардым. 2004–2010-жылдары Президенттин Иш башкармалыгында кеңешчи болуп баштап, биринчи орун басар кызматына чейин көтөрүлдүм.

2010–2013-жылдары “Айат” гезитинде редактор жана саясий баяндамачы болуп иштедим. Андан соң, 2013–2015-жылдары “АЮ Холдинг” компаниясынын президентинин кеңешчиси болуп эмгектендим. 2018-жылы “АЮ Гранд Комфорт” соода борборунун башкы директору болуп дайындалып, ошол эле жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын мэриясында аппарат жетекчиси кызматын аркаладым. 2020-жылдын июль айында Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми ошол эле жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгам.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайландым. Кызматтык ишмердүүлүгүм маалында бир катар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болдум. Алардын катарында: Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын (2006) жана Администрациясынын (2007) Ардак грамоталары, “Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чини (2008), “Чек араны кайтарган” юбилейлик медалы (2009), “Мамлекеттик кызматтын отличниги” төш белгиси (2009) жана 2023-жылы берилген “Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы” бар.

 

Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын.