Балбак Түлөбаев — Ысык-Көл 2030
Жер жана суу эл үчүн. Эт жана сүттүн адилеттүүбаасы. Ысык-Көлдү сактоо. Ар бир үй-бүлөгөжумуш жана жеткиликтүү насыялар
Мен саясатка кокусунан келген адам эмесмин. Бишкек мэриясында иштегем, Жогорку Кеңештиндепутаты болгом, борбор калаанын башчысынын милдетин аткаргам.
Эң негизгиси мен карапайым элдин арасында чоңойуп, жер иштетүү, мал багуу, сугат суусун күтүү, көңүлдөгүдөй үстөк пайыз менен насыя алуу деген эмне экенин жакшы билем.
Мен парламентке аймагыбыздын байлыгы – жери, суусу, кендери, көлүнүн өзү – сырттан келгендерге эмес, Ысык-Көлдүн жашоочуларына кызмат кылсын деп баратам.
Менин башкы үч максатым
Ысык-Көлдү коргоого алуу. Көлдү сактоо боюнча өзүнчө мыйзам кабыл алуу. Ар бир курулуш объекти, тазалоочу жайларын экологиялык аудиттен өтөрүү. Көл – улуттук байлык, жок боло турган ресурс эмес.
Эттин жана сүттүн адилеттуу баасы. Мамлекеттик мекеме дыйкандардан продукцияныбелгиленген баада сатып алат. Дыйкандар кирешеалып, эл арзан азык-түлүк мене камсыз болот.
Ар бир айылда - жумуш. Ар бир орто калктуупунктта эт, сут, мөмө-жемиш жанажашылчаларды кайра иштетүүчүмуниципалдык ишкана түзүү. Бул айылтургундарына жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджетке киреше түшөт.
Урматтуу жердештерим!
Эл куру убадалардан тажаганын билем. Ар биршайлоодо талапкерлер жол, кредит, көл тууралууайтышат.
Мен кол жеткис нерселерди убада кылбайм. Мен реалдуу жасай ала турган нерсени гана убадакылам: суу ар бир жер тилкесине жетет, кредиттерар бир үй-бүлөгө алууга мумкун болот, балдарыбызүчүн мектептер, ооруканалар курулуп, иштейт, Ысык-Көлдүн байлыгы чет элдик компанияларгаэмес, анын тургундарына кызмат кылат.
Мен силердин араңарда чоңойдум, мен да сиздердин бириңиздермин. Ошондуктан, мен убадаберип, аткарбай коё албайм. Жакшы сүйлөп, ишкылбаган убакыт бүттү. Аракет кылууга убакыткелди. Ысык-Көлдүн үнү Бишкекте катуу жанабекем угулат деп кепилдик берем.
Көлүбүздү сактап, айылдарды жандандырып, элдинадилеттүүлүккө болгон ишенимин кайтаралы.
Мен жоопкерчиликти алам. Уят кылбаймын.