КУЛБАРАКОВ АБТАНДИЛ ИЛДУЗОВИЧ

1961-жылдын 21-сентябрында Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

1979-1981-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өткөн.

Жогорку билимдүү. 1991-жылы СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика факультетин «товаровед» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун: 1982-жылы Жумгал чарба эсептик участогунда жумушчу болуп баштаган.

1982-1983 –жылдары  Фрунзе кооперативдик техникумунда окуучу;

1984- жылы Фрунзе атындагы заводдун №2 цехинде жумушчу;

1985-жылы Фрунзе шаарынын №3 даярдоо базасында жумушчу;

1986-жылы Фрунзе щаардык кондитердик өндүрүштүк бирикмесинде 3-разряддагы жумушчу;

1989-жылы Фрунзе пиво заводунда 3-разряддагы жумушчу, 4-разряддагы кыш кыноочу;

1994-жылы «Арпа» АКсынын жабдуу бөлүмүнүн инженери;

1997-жылы «АРПА-BGI BBCo» ААКсынын  жабдуу бөлүмүнүн агенти;

2009-жылы «АРПА» ААКсынын коммерциялык директору;

2015-2021 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан депутат.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Даңк” медалы ыйгарылган.

2019-жылы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 80 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.

2020-жылы “Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси” класстык чени ыйгарылган.

2021-жылдан тартып «АРПА» ААКсынын коммерциялык директору;

Жети баланын атасы.