Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттыгына № 29 шайлоо округунан талапкер

Кулбараков Абтандил Илдузовичтин программасы.

 

     Аталган программа менин жеке турмуштук тажрыйбама таянып, аткарган иштеримдин жыйынтыгын талдап, Жогорку Кеӊештин VI чакырылышында жасаган иштеримди улантуу, жасап жетишпей калган долбоорлорду аягына чыгаруу максатында жазылды.

 Баарыбызга белгилүү болгондой акыркы жылдары өлкөбүздүн экономикасы бир топ алдыга жылып, республикабызда ири долбооорлор ишке ашырылып, бир тобу ишке ашуу алдында турат. Азыркы учурда биздин аймакты алсак темир жол тармагы жанданып, тоо-кен иштетүү тармагы өсүп, электрэнергиясын өндүрүүгө багытталган бир топ майда жана ири ГЭСтердин курулушу башталып жатат. Алардын ишке кирүүсү менен биздин аймакка ири инвестициялар келет жана кыйла жумуш орундары пайда болот, өнөр жай, айыл чарба жана башка тармактардын тез өнүгүүсүнө түрткү болот. Келечекте биздин аймак республикабыздагы өнөр жай багытындагы ири аймак болот. Мына ушул тармактардын ишин, элибиздин жашоосуна жана жалпы айлана чөйрөгө болгон таасирин жөнгө салуу жана мындан ары жакшыртуу максатында биздин азыркы иштеп жаткан жалпы мыйзамдарыбызды талдап чыгып, тийиштүү толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү багытында иш алып барам. Аймактагы майда жана ири социалдык объекттерге колдоо көрсөтүү жумуштарын мурдатан жасап келгем жана мындан ары улантып жасай бермекчимин. Негизги максаттарымдын бири болуп, азыркы келечек муундарга туура тарбия берүү жана алардын ички руханий дуйнөсүн өстүрүү болуп эсептелет. Бул багытта азыркы күнгө дейре бир топ иштер жасалган, элибиздин белгилүү жазуучулары жана атактуу инсандары менен бирдикте бул багыттагы атайын чыгармалар жазылып, аларды бир топ мектептерге бекер таратылып берилген. Бул багытта бир нече сынактар уюштурулуп, окуучу балдарга, окутуучуларга ар кандай сыйлыктар ыйгарылган. Жеке ойумда бул жаш муундарды элибиздин тарыхына болгон кызыгуусун арттырып, аларды туура жолго тартууга, жакшы адамдык сапаттарды ачыктап таза коом, күчтүү мамлекет түзүүгө түрткү болот десем жанылбайм.

Негизги максат – бул экологиялык жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, аймактагы жашоочуларга жагымдуу жашоо шарттарын түзүү болуп саналат. Аймактагы жашаган элдин талабын талашып, мамлекеттибиздин экономикалык кубаттуулугун арттыруу.