СЫДЫГАЛИЕВ НУРБЕК ОМУРБЕКОВИЧ
Мен, Сыдыгалиев Нурбек Омурбекович, 1973-жылдын 15-августунда Фрунзе шаарында туулгам.
1990-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Түгөл-Сай айылында орто мектепти аяктагам.
1990-1995-жылдары - Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин экономика факультетинин “экономист” адистигине ээ болгом.
2011-2014-жылдары - Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин “юрист” адистиги боюнча аяктагам.
Эмгек жолумду 1995-жылы жеке ишкер болуп баштагам.
2002-жылдын август айынан тартып 2006-жылдын декабрь айына чейин - “Асейин” өндүрүштүк-коммерциялык фирма ЖЧКнун коммерциялык маселелер боюнча директорунун орун басары кызматын аркалагам.
2007-жылдын апрель айынан тартып 2007-жылдын октябрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын жардамчысы болуп эмгектенгем.
2008-жылдын февраль айынан тартып 2010-жылдын апрель айына чейин - “Спорт биримдиги” спортту өнүктүрүү коомдук фондунун директору болуп эмгектенгем.
2010-жылдын апрель айынан тартып 2010-жылдын сентябрь айына чейин - “Кара-Балта спирт заводу” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык маселелер боюнча директорунун орун басары болуп эмгектенгем.
2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин V чакырылышынын депутаттыгына «Ата Мекен» социалисттик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкам.
2011-жылдын май айынан тартып 2012-жылдын июнь айына чейин - “Чакан ГЭС” ААКнун башкы директорунун орун басары болуп эмгектенгем.
2012-жылдын июль айынан тартып 2015-жылдын июль айына чейин - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп эмгектенгем (Түштүк аймагын жетектегем).
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI чакырылышынын депутаттыгына «Ата Мекен» социалисттик партиясынан талапкер катары шайлоого катышкам.
2015-жылдын декабрь айынан тартып 2016-жылдын октябрь айына чейин - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп эмгектенгем (аскер блогун жетектегем).
2016-2017 жылдары - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында болгом.
2017-жылдын октябрь айынан тартып 2018-жылдын март айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидеринин кеӊешчиси кызматын ээлегем.
2018-жылдын март айынан тартып 2019-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын катчылыгынын башчысы болуп эмгектенгем.
2020-жылдын январь айынан тартып 2021-жылдын декабрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү болуп эмгектенгем.
2020-жылдын июнун айынан тартып 2021-жылдын январь айына чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп эмгектенгем.
2021-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары кызматын ээлегем.
2021-жылдын 29-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөсү болуп эмгектенем.
2022-жылдын 12-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары болуп эмгектенем.
Үй-бүлөлүк абалым: үй-бүлөм бар, эки кыз, эки уулдун атасымын.