Урматтуу шайлоочуларым!
Мен депутаттыкка өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган адамдардын үнү болуу үчүн аттанып жатам.
Менин максатым - сиздердин кызыкчылыкты коргоп, реалдуу өзгөртүүлөргө жетишүү менен убадаларымды ишке ашыруу.
Мен ар бир үй-бүлө эртеңки күнгө болгон ишенимди сезишин каалайм!
Мени тандоо аркылуу сиздер төмөнкүлөргө добуш бере аласыздар:
- Биринчи кезекте толук жана ишенимдүү жашоонун негизин эмне түзөт? - Ден соолук! Менин пландарым - саламаттыкты сактоону өнүктүрүү:
-Медициналык кызмат көрсөтүү деңгээлин жана медициналык жабдууларды жаңылоо боюнча маселелерди көтөрүү;
-Ден соолукту чыңдоо жана жаратылышты коргоо тууралуу мыйзамдарды демилгелөө.
- Курч социалдык маселелерди чечүү:
-Үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдарды күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу;
-Балдардын жана аялдардын укуктарын бекемдөө жана коргоо, калктын аярлуу катмарын жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандарды колдоо;
-Жарандардын укуктарын коргоо жаатындагы мыйзамдарды демилгелөө.
- Өнүккөн коом үчүн маданият, билим берүү, спорт жана туризм маселелеринин чечилиши да маанилүү:
-Мектептерди керектүү окуу куралдары менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле аймакта табигый илимдер менен IT (маалыматтык технологиялар) секторун өнүктүрүү үчүн техникалык жабдуу, ар кандай мамлекеттик жана эл аралык программалардын алкагында мектеп окуучулары жана мугалимдери үчүн тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, округда жогорку окуу жайын ачуу маселесин демилгелөө;
-Спорт ийримдери менен маданият үйлөрүн кайра жандандыруу;
-Балыкчы шаары, Кочкор, Жумгал жана Тогуз-Торо райондоруна “4 жылдыз” туристтик кластердик долбоорун түзүү - экотуризм багыттарын өнүктүрүү.
- Округда инфраструктура маселелери боюнча төмөнкү сунуштарды киргизүү:
-Жолдорду оңдоо, аймактын логистикасын жакшыртуу;
-Социалдык объектилерди куруу маселесин көтөрүү;
-Округдагы ар бир үйдү таза суу менен камсыздоо маселесин демилгелөө;
-Округдагы ишкердикти өнүктүрүү үчүн инфраструктураны жаңылоо.
- Айыл чарбасын өнүктүрүү жана фермерлерди колдоо:
-Дыйкандар жана айыл чарба кооперативдери үчүн жеңилдетилген кредиттерге, гранттарга, субсидияларга жетүүгө көмөк көрсөтүү;
-Сүт, эт азыктарын, жер-жемиш, дары чөп, жүндү кайра иштетүү ишканаларын куруу жана экспорттоо боюнча сунуштарды киргизүү;
-Райондордогу ирригациялык тутумдарды жакшыртуу маселелерин көтөрүү.
Мен сөз менен эмес, иш менен далилдейм!
Урматтоо менен Н.О. Сыдыгалиев